Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,286 Бардыгы / Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ тээ Совет доорунда дагы, ошондой эле эгемендүүлүктүн эң эле опурталдуу жылдарында деле жалаң жетекчи кызматтарды абийирдүү аркалады. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер – маектешибиз соңку жылдарда Бащ мыйзамыбыз түп тамырынын бери өзгөртүлсө дагы, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу өзүн-өзү таптакыр актаган жок жана бул система дагыле келечексиз деп эсептейт. – Айтпай мырза, 1993-жылкы […]
2,287 Бардыгы / Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ тээ Совет доорунда дагы, ошондой эле эгемендүүлүктүн эң эле опурталдуу жылдарында деле жалаң жетекчи кызматтарды абийирдүү аркалады. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер – маектешибиз соңку жылдарда Бащ мыйзамыбыз түп тамырынын бери өзгөртүлсө дагы, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу өзүн-өзү таптакыр актаган жок жана бул система дагыле келечексиз деп эсептейт. – Айтпай мырза, 1993-жылкы […]
АЙТПАЙ ЖЭЭНАЛИЕВ: “ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУНУН БОЛОЧОГУ ЖОК!”
14.12.2018 / Автор aymak2,288 Бардыгы /
Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ тээ Совет доорунда дагы, ошондой эле эгемендүүлүктүн эң эле опурталдуу жылдарында деле жалаң жетекчи кызматтарды абийирдүү аркалады. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер – маектешибиз соңку жылдарда Бащ мыйзамыбыз түп тамырынын бери өзгөртүлсө дагы, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу өзүн-өзү таптакыр актаган жок жана бул система дагыле келечексиз деп эсептейт.
– Айтпай мырза, 1993-жылкы Баш мыйзамда Бийлик бутактарынын (Президенттин, Өкмөттүн, Парламенттин) тең салмактуулугу өтө бекем сакталган эле. Анан аны улам-улам өзгөртүп жатып, акырында кутулгус балээге кабылдык!” – дегендерге кошуласызбы?
– Танып не. Легендарлуу Парламент 1993-жылы эң мыкты Баш мыйзамды кабыл алган. Муну эч ким азыр деле тана албайт. Анда биздеги бийлик бутактарынын – Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ортосундагы укук ченемдери баарына тең тепетең гана бөлүштүрүлгөн. А азырчы? Булардын бири дагы жок!
– Эң башкысы?
– Эң башкысы: Эл – бийликтин булагы болуучу. Азыр деле Баш мыйзамыбызда дал ушинтип бадырайта жазылганы менен, а иши жүзүндө таптакыр андай эмес! Шайлоочулар депутаттарды мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу укугунан биротоло ажырашты. Ошондой эле башка конституциялык укуктары дагы дээрлик чектелди. Ушундай шартта ар кандай Бийлик карапайым калк менен эзели эсептешпейт! А алардын айткандарын угуп гана коюп, көбүнчө кулак сыртынан гана кетиришет.
– Демек, Кыргызстандагы Парламенттик башкаруу системасы өзүн-өзү актаган жок деңизчи?
– Ананчы! Эң ириде өлкөбүздө таптакыр жоопкерчилиги жок гана системаны түптөп алдык. Ошентип, Кыргызстан азыр мышык ыйлагыдай акыбалда десем. мен эч жаңылышпаймын. Бүгүнкү аянычтуу кебетебизге Президент дагы, Өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы таптакыр жооп бербейт! Анан күнөөнү булар уялбастан бири-бирине төңкөрүп коюп гана олтурушат, эй! Бул жерде Башмыйзамыбызды токтоосуз өзгөрткөн Өмүрбек Текебаевдин деле айыбы жок! Убактылуу, ой, бактылуу Өкмөт өз элин дал ушундай туңгуюкка кептеп таштабадыбы. Бирок, муну үчүн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы саясий, укуктук жана моралдык жоопкерчиликке тартылган жок! Көрөсүңөр, мунун азабын болочокто көп жолу жана куп гана тартабыз!
– Анда ушундай кыйчалыш кезеңде Кыргызстанга мамлекетти башкарунун кайсыл түрү абдан ыңгайлуу деп эсептейсиз?
– Дал бүгүн, менимче, биз абдан күчтүү Президенттик башкарууга зарбыз! Балким, “Президенттик башкарууну көрдүк го. Таптакыр келечеги жок экен. Баары эле Аскар Акаевди, Курманбек Бакиевди, Алмазбек Атамбаевди каратып туруп сатып кетишти. Эми булар Сооронбай Жээнбековду деле соо коюшпайт!” деп кооптонуп жаткандырсыңар. Жо-жок, андай эмес! Эгерде командасы тың жана таза болсо, анан баарынан мурда Президент өзү колго бир тийген бийлигин эч узурпациялабаса, үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга дегеле жол бербесе, буга улай бийдик бутактарынын тең салмактуулугун дайыма бекем сактаса, азыркындай кооптоонуга деле негиз калбай калат.
– Демек, Сиздин оюңузча, Парламенттик башкаруу Кыргызстанда өзүн-өзү актабадыбы, ыя?
– Кесе айтайын, ооба! Бийлик бутактарын, жогоруда айтканымдай, чукул арада тең салмакташтырганыбыз ийги! Анан өлкөбүздө Жогорку Кеңеш жалаң гана мыйзам чыгаруучу орган сыпатында гана иштегени оң! Кичинекей Кыргызстанга 60-65, же болбосо, 40-45 депутат жетишет. Бирок, булар жалаң юрист, экономист, агартуучу өңдөнгөн кесипкөйлөрдөн гана куралышы кажет! Көрдүңүзлөр го. биздикиндей унитардык өлкөдө Парламенттик башкаруунун дегеле болочогу жок!
– Айтпай мырза, Сиз биргезде айыл Өкмөтүн, анан барып гана районду жетектедиңиз. Азыр жемкорлук дегеле ка йсыл катмарда күч?
– Мен Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн кош колдоп гана кубаттаймын! Тилекке каршы, Ажобуз айсберг – жемкорлуктун үстү менен гана күрөшүп жатат. Менин баамымда. жемкорлук ортоңку катмарда, маселен, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүндө, шаар-райондордо жана айыл өкмөттөрүндө абдан күч! Мындан ары дал ушул өңүттө мыйзам чегинде реформа жасап, ыраттуу түрдө иштесе, албетте, Сооронбай Шарипович мындан утат!
Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: кечиресиздер, Президент Сооронбай Жээнбековдо дал ушул тапта кесипкөй команда жок! Мына, бир жыл аралыгында кесипкөй команда күтсө жана топтосо болмок. Эми деле кеч эмес!
Анан дагы Башмыйзамыбызда жазылгандай, Эл – бийликтин булагы. Ошондуктан, жыл сайын Элдик курултай өткөрүп, Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишине коомдук-саясий калыс баа берилип турганы оң. Ошондо гана Бийлик бутактары өз ара ымалага келип, ийиндеше иштешкенге жана жоопкерчиликти күчөткөнгө гана бекем ыңгай түзүлөт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛИШЕР УСМАНОВ ГЕРМАНИЯДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО АЙЫПТАЛУУДА
-
11.05.2023 / Автор anarkan_kg БЫЙЛ VII ЭЛ АРАЛЫК ЭПОСТОР ФЕСТИВАЛЫ ОШ ШААРЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА ДАГЫ 150ДӨН АШУУН ТАЖИК МИГРАНТЫ КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.