Аймак

Айдарбек БЕЛЕКБАЕВ: “БИЗ ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА ДАГЫЛЕ ДАЯР ЭМЕСПИЗ!”

 2,651 Бардыгы /

Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин жоюлушу калыптанып калган системаны биротоло бүлүндүрдү. Мында парламенттик башкаруунун дагы кесепети абдан катуу тийди. Буга улай элет жеринде таланттуу жаштардын өнөрүн колдоо жана калыс баалоо вазийпасы таптакыр унутулду. Ушул жана башка көйгөйлөрдүн тегегеринде Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбек БЕЛЕКБАЕВ кабарчыбыз менен ой бөлүштү.
-Айдарбек мырза, биз Сизди аткаминер сыңары эмес обончу катарында гана билет элек. Бийликке аралашкандан бери чыгармачылыгыңызда таштап койдуңуз өңдөнөт?
-Он эки жашымдан бери аккордеон тартамын. Анан моминтип созолонтуп ырдаймын. Кичинемден эле акын Жолон Мамытовдун, обончулар Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Түгөлбай Казаковдун ырлары менен чоңойдум.
-А түгүл Ырдын пири – Рыспай Абдыкадыровдун классында дагы окуп калган турбайсызбы?
-Ооба. Агездеги ОГПИнин (азыркы ОшМУнун) музыка факультетинде 1979-1983-жылдарда окуп калдым. Болгондо дагы Рыспай Абдыкадыровдун аккордеон классында билимимди тереңдеттим.
-Ошондо залкар таланттын таасири дагы куп эле тийгендир?
-Обончу Рыспай Абдыкадыров, чындыгында, элибизде абдан сейрек кездешчү нукура талант эле. Айрыкча кубулжуган үнү, анан ага айкалышкан музыкасы адамдарды өзүнө куп гана тартып, көбүнчө улуу-кичүү замандаштары ошонун гана таасиринен дегеле чыга алышчу эмес. Мени эмдигиче өкүндүргөнү: кайран залкарга Кыргыз Эл Баатыры ардак наамын эмдигиче ыраа көрбөй келебиз. Болбосо, эмгегин көзү өткөндөн кийин бааласак деле, утпай белек, аттиң…
-Ошентип, силер деле залкар талантты туурап, акыры-соң обончулукка ооп кетпедиңерби?
-Кантип? Он чакты обонум бар. “Алайым” (сөзү Базарбай Аматовдуку), “Туулган айылым” (сөзү Эркинбай Ыбышевдики), “Рыспайга инсандык ода” (сөзү Алибай Барпиевдики), “Улуу акындын инисимин” (сөзү сөзү Эркинбай Ыбышевдики), “Ош шаарым” (сөзү Бурулча Жусуеваныкы) өңдөнгөн он чакты обонум бар. Баары тең эл арасында такай ырдалып жүрөт. Кийин-соң мамлекеттик кызматка батыл аралашып кетип, көп нерседен кур калдым. Обончулуктан дагы таптакыр алыстап кеттим.
-Көбүнэсе кайсыл маалда кыңылдап обон жаратасыңар?
-Илхам ар кандай кырдаалда келет экен. Айрыкча алыскы сапарда жүргөнүмдө, туулган жеримдин табиятынын кооздугуна суктанганымда гана талантып ташкындап кетет. Анан ошондо абдан сонун ыргактар жаралат.
-Тилекке каршы, акыркы жылдарда жалаң гана мамлекеттик кызматка биротоло ооп кетпедиңизби. Миграция, эмгек жана жаштар министрлиги жоюлганда ичиңиз тызылдагандыр?
-Ананчы! Аталган министрликти жоюунун зарылчылыгы жана олуттуу себеби деле жок эле. Анткени, бүгүнкү турмушубузду ички-тышкы миграциясыз жана эмгексиз элестетүү дегеле мүмкүн эмес! Абдан чоң жаңылыштык кетирдик. Эми мунун кайрадан калыбына келтирүү чоң мээнетти жана олчойгон каражатты гана талап кылат.
Карасаңыздар, тышкы миграция тышкы иштер министрлигине карайт. Бирок, бул дагы натыйжасыз. А ички миграциянын абалы абада калкыган бойдон калбадыбы. Муну менен бир дагы мамлекеттик мекеме эмдигиче туруктуу алектенбейт.
-Айдарбек мырза, мына жакында референдум аркылуу Баш мыйзамыбызды кайрадан өзгөрткөлү жатабыз. Ал аркылуу премьер-министрдин укуктары абдан эле кеңейтилип атпайбы. Сиз ушуга кошуласызбы?
-Кыргыз элинин улуттук менталитети жана психологиясы менен таптакыр эсептешпей жатабыз. Бир үйгө жалгыз эле кожоюн жетишет! Демек, Кыргызстанды жалгыз эле президент башкарганы оң. Көрсө, турмуш кашкайта далилдебедиби, биз парламенттик (жамааттык) башкарууга дегеле дар эмес экенбиз. Ошондуктан, 1993-жылдагы Баш мыйзамыбызды эле кайрадан жандандырсак, мындан баарыбыз утат элек.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Айдарбек БЕЛЕКБАЕВ 1962-жылдын 10-февралында Алай районундагы Терек айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Үч уул, эки кыздын атасы. Жубайы Бурулча Жусуева агартуу тармагынын кызматкери. Айдарбек БЕЛЕКБАЕВ Алай райондук миграция, эмгек жана жаштар бөлүмү жоюлгуча жетектеген.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17