Аймак

Рита КАРАСАРТОВА, белгилүү эксперт : «КОНСТИТУЦИЯДА КҮНӨӨ ЖОК»

 2,033 Бардыгы /

Рита КАРАСАРТОВА, белгилүү эксперт  :  «КОНСТИТУЦИЯДА КҮНӨӨ ЖОК»Үстүбүздөгү жыл бир топ саясий курч окуялар менен коштолуп жатат. Алардын бири жана негизгиси Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси. 2016-жылдын 29-июлунда «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы боюнча референдум өткөрүү жөнүндө долбоор коомдук талкууга чыгарылган. Демилгечилер парламенттеги 5 фракциянын лидерлери айтылып, 29-сентябрь күнү биринчи окууда 90 депутат тарабынан колдоо тапкан. Эл өкүлдөрү референдум күнү катары 4-декабрды бекитишкен. Ал эми 19-октябрда экинчи окуу жактырылып, шайлоо күнү 11-декабрга өзгөртүлдү. Эмне үчүн даталар алмашты? Ыкчам шайлоо өткөрүүнүн себеби эмнеде? Биз белгилүү эксперт, жарандык коомдун активдүү мүчөсү Рита Карасартованын Жалал-Абад шаарына келип калганынан пайдаланып, кепке тарттык. Анын көз карашын төмөнкү макаладан окуңуз.
– Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине анын 114-беренелери каршы келет. Эмнеге таянып депутаттар бул маселени демилгелеп чыгышты?
– Ооба, биз эң башында демилге туура эмес деп баштаганбыз. Ошол 114-беренеде так эле көрсөтүлгөн «1-сентябрь 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө жол жок» деп. Негизи мыйзам боюнча Конституцияны өзгөртүүнүн эки эле жолу бар. Биринчиси депутаттар «Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү» мыйзамын демилгелей алат. Анда парламент референдумга мындай маселе алып чыгышы керек болчу: Конституцияга өзгөртүү киргизелиби же жокпу? Эгер эл макул болсо, андан кийин гана ага конституциялык кеңешме түзүлүп, кандай өзгөртүү киргизели деп 2-3 ай талкуулашыбыз керек болчу. Анда бул мыйзамдуу болмок. Экинчи бир толуктоо же өзгөртүү киргизчү күч бул – эл. Андай учурда эл – 300 000 миң киши болуп кол чогултуп анан гана референдумду демилгелей алары регламентте каралган. А азыр булар элдин демилгеси дегенсип бир четинен ушундай жасап коюп атышат. Аны да элге салбай, кол топтобой туруп эле референдум жөнүндөгү мыйзамга «ооба», «жок» дегенди коюп, аны менен бирге отузга жакын өзгөрүүлөрдү киргизип жатышат. Бирок мени эмне сүйүнтүп жатат, бизде бүгүнкү күндөгү конституциялык палатадагы 11 судьялардын ичинен бир соттун «Мыйзам бузулуп, тебеленип, Кыргызстанда конституциялык төңкөрүш жасалып жатат» дегенге духу жетти. Демек бизде дагы деле жакшы келечек алдыда. Баары эле «туура» деп койсо, бир топ ойго салмак. Бир киши болсо да коомго дух берди.
– Сиздин көз карашыңызда бул аракеттерде процедуралар бузулуп, ыкчам эле өткөрүлүп жатканынын себеби эмнеде?
– Биз биринчи 114кө эле таянып атканбыз. А азыр андан да көп мыйзам бузуулар болуп атат. Дагы бир кызык болуп атканы, референдумду өткөзүп алган күндө дагы «бул өзгөрүүлөр 2017-жылдын 1-декабрынан тарта иштеп баштайт» деп жазып койгону жатышат. Анда ойлойсун «президенттик шайлоого эле кошуп коюшпайт беле? Ошондо жалпы Кыргыз эли президентти да шайламак, конституцияга да добуш бермек» болот эле. Эмнеге азыр жергиликтүү кеңешке бүт айылдарда шайлоо өтпөй жаткан учурда, ошол эки участоктор бири-бирине дал келбегенде өткөрүлүп жатат? Мен ойлойм бул президент өзүнө же өзүнө тиешелүү кишиге бийликти кантип өткөрүп берүү максатты көздөп жатат. Аларга ушул керек. Азыр элдер айтып жатат «Атамбаев жеңеби же Текебаевби?» -деп. Маселе анда эмес, маселе мыйзамдуулук жеңеби же мыйзамсыздыкпы? Буга чейин биз көргөнбүз. Бизде саясий күчтөр таза эмес. Бакиевди кетирип ийгенде, анын мүлкүн ким алат деген маселе болгон. Ошол эле “Ата-Мекен” партиясындагы Мадылбековдун баласы Максим Бакиевдин улутташтырылган офисин Садыр Жапаровго саткан деп 12 жылга эркинен ажыратылды. Садыр Жапаровго да кылмыш ишин козгоду. Так ошондой эле «Дастан» заводу, анын жер тилкеси да улутташтырылган эле. Бирок анын жери бир жаранга сатылып, андан Албек Ибраимовдун аялына, андан президентке өтүп жатат. Бул иште «баары мыйзамдуу» деп жатат прокуратура. Мыйзамдуу болсо эки ишти иликтеп көрөлү. Канчалык деңгээлде улутташтарылган мүлк жеке ээликке өтүп кетет? Бирөөсү мыйзамсыз болуп 12 жылга эркинен кесилет, бирөөсү мыйзамдуу болуп калат. Анда документтерин көрсөтсүн! Кантип аукцион өткөн. Кантип улутташтырылган? Ошондой маселелер бар да. Ошон үчүн арты таза болбогондон кийин буларга дагы кепилдик керек болуп жатат. Бийликке келген адамдан сөз алып алып, «сен менин мурунку болгон окуяларымды чукубайсын, жакшынакай иштейсин, ошон үчүн биз сага өткөрүп беребиз» дешүүдө.
-Алар кимдер болушу мүмкүн?
– Мен ойлойм мындай сүйлөшүүлөр Бабанов менен да болушу мүмкүн. Анткени бүгүн – Бабановдун Конституцияга болгон өзгөрүүлөргө, мыйзам бузулууларга көз жумуп, бүт фракциясынын баарын алдыга салып, айдап баратканы анын кызыкдар бир нерселери бар экендиги көрүнүп турат.
– Конституцияга киргизилген 30дан ашуун өзгөртүүнүн баары эле туура эмеспи же сиздин көз карашыңызга туура келгендери барбы?
– Менин көз карашыма туура келгендери бар. Бирок ал үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүнүн таптакыр кереги жок эле. Ошол азыркы эле иштеп жаткан Конституция менен мыйзамдарды так сактап иштесек, ойлойм биз өнүгүүгө кадам таштаган болмокпуз.
– Жарандык укукка тийиштүү өзгөртүүлөр кирдиби?
– Бүгүнкү күндө жарандарга тийиштүү өзгөртүү мындай болуп жатат. Учурда иштеп жаткан Конституцияда «жарандык укуктук мамилелер үчүн жаран кылмыш жазага тартылбайт» деген норма бар. Мисалы, биз кандайдыр бир келишим түздүк, бири-бирибизге каражат карыз болуп калдык. Ошондо биз жарандык иштери боюнча сотко кайрылып, «бул бизге мынча акча төлөп берсин же бул ишти жасап берсин» деп эле сотко кайрыла алабыз да. Азыркы толуктоолор боюнча ушундай жагдайда кылмыш ишин козгогонго мүмкүнчүлүк пайда болуп жатат. Мен эмне үчүн өзүмдүн бүт күчүмдү салып жатам? Биз 6 жылдан бери сот реформасын жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөп келебиз. Конституцияны коомдук келишим деп койсо болот. Бул бийлик бутактарын тең салмакта сактап турчу документ да. Азыр карап көрсөк сот бийлигин чөгөлөткөндөй кылып коюп атышат. Сотторду ротация кылууну президентке берип коюшкан. Сотторду жумуштан алууну же аларга кылмыш ишин козгоо деген маселени дисциплинардык комиссиянын үчтөн бир бөлүгүн президенттин өкүлдөрү, үчтөн бир бөлүгү парламенттин өкүлдөрү, үчтөн бир бөлүгү соттор деп аны конституциялык деңгээлге чейин чыгарып мыйзамга киргизип койду. Эми сотторго телефон чалып туруп, «мындай чечим чыгарбасаң сен эртең жумуштан кетесиң» деп коркутуп койсо «жумуштан кетип калбайын же андан да жаман кылмыш ишин мага козгоп койбосун» деп президенттик аппараттан келген телефондук чалууларды же буйрутмаларды аткарып эле олтура бере турган соттор келет. Ошон үчүн биз бул демилгеге каршы чыгып жатабыз. Кыргыз мыйзам катуу болсо да чыдап жүрө берет, бирок акыйкаттык жок болсо чыдабайт. Ошон үчүн кайра төңкөрүш болбой, биз өнүгүү жолуна түшүшүбүз үчүн чындыгын айтканда бизге адилет сот керек болчу. А мындай өзгөрүүлөр менен биз адилет сотко бара алалбайбыз. Ошон үчүн Конституцияны элге түшүндүрүп «колуңардан келсе шайлоого барып туруп «жок» деген добушуңуздарды берип, каршылыгыңарды көрсөткүлө» деп маалымат таркатып жүрөм.
– Эл арасында «Азыркы Конституцияда адам укуктары боюнча бир мина бар. Ал деген биздин Жогорку Сот чыгарган чечимди БУУнун адам укуктары комитети жокко чыгара алат. Мисалы, Азимжан Аскаровдун иши боюнча, бул болсо өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирүү менен барабар» деп түшүнгөндөр жок эмес.
– Биздин бийлик ушунчалык митайым болуп атканы аябай өкүнүчтүү. Ал жерде эч кандай Азимжан Аскаров жөнүндө жазылып жаткан иш эмес. Бул мындай, ар бир өлкө дүйнөлүк деңгээлдеги кандайдыр бир институттарга өз укугун коргоп кайрылганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстанда ГААК сотуна кайрыла албайбыз. Биз ошол БУУнун адам укуктары боюнча комитетке «менин укугум тебеленип жатат» деп кайрыла алабыз. Аскаровдун маселесине келсек, «А.Аскаров эч нерсе жасаган жок» деп чечим чыгарган жок. БУУнун комитети айтып жатат: «Силер ушул адамдын жасаган ишин башка далил менен далилдеп бергиле. Анткени биринчи жолу караганда, силер ур тепкини колдонуп туруп, андан «ооба жасагам» деген нерсени алып алыптырсыңар. Кайра карап чыккыла» деп көрсөтүүдө. Эл деген кыжыры кайнап калганда убагында «ушул Азимжан Аскаровду чыгарып ийеби» деп эле, анда «мейли» деп түшүнгөндөр болушу мүмкүн. А негизи эгер жөнөкөй эле кыргызстандыктын бир тууганы эртең милицияларга кармалып, ур тепки алынып, анан «баланча кишини өлтүргөн» деп туруп мойнуна илип коё турган болсо, сот да «күнөөлүү» деген чечим чыгарса, бардык инстанциялардан акыйкаттык таппай айласы кеткенде, ушундай эл аралык деңгээлдеги уюмдарга кайрыла алат эле. Мисалы, «Баламдын 7 кабыргасын сындырышкан, башына салафан кийгизишкен, ошентип мойнуна алдырткан» деп кайрылат. Ошондо эл аралык институттар «эй бул болбойт, өзүнүн «мен ушуну жасагам» дегенден башка дагы эмне далили бар. Карап чыккыла, муну бошоткула. Мындай ур тепкинин аркасы менен далил чогулткан болбойт» деп кайра жиберет. Ошон үчүн жалпы кыргыз элинин эл аралык деңгээлдеги институтка кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу таптакыр туура эмес. Ушул Аскаровдун ишин шылтоолоп, «битке эрегишип, кийимди өрттөп» деген маселе болбош керек.
– Сот реформасы боюнча айтсаңыз. Беш жылдан бери аягына чыкпай жатат, кандай иштер жүрүп жатат?
– Ооба, бүгүнкү күндө мыйзамдарды да кабыл алышпай, сотторду тандоо маселеси дагы аябай ыплас жүрдү. Көбүнчөсү кимдин сот болорун президент чечээри айкын болду. Башка бир эрежелер деле өзгөргөнүн көргөн жокпуз. Бир аз акча түшүп калса эле, сотко кирип бараткан турникетин сатып алышат. Анын ордуна ар бир залга видеобайкоо коюп койсо «биринчи инстанцияда күбө эмне деди, экинчиде эмне деди» деп көзөмөл болсо, соттун чыгарган чечими да сапаттуурак болмок. Ошондой элге керектүү каржылоолорду жасабай туруп, соттордун имараттарын ремонт кылып жатышат. А элге баары бир, эң негизгиси ошол имараттын ичинде акыйкат чечим чыкса деген маселе болушу керек. Эми референдумдан кийин соттордун жумуштан кетээрин дагы президент чече турган болсо, анын оозун караган эле сотторду алып калабыз. Ошонусу өкүнүчтүү болуп жатат. Мыйзамдын негизинде жашаганды унутуп калып, «бүт барынын күнөөсү Конституция» деп эле олтурганыбыз «башкарганды билбесең ордуңду бошотуп бер, башкарган киши келсин» деген эле маселе да. А Конституциянын күнөөсү жок.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17