Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,702 Бардыгы / Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун чечимин күчөндө калтырып, аны өмүр бою абакка кести. Мындай чечимди Кыдык Жунушбаев төрагалык кылган соттук кеңешме чыгарды. Облустук соттун судьялары «Аскаров 2010-жылдын 13-июлунда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган, мыкаачылык менен күч кызматкерин өлтүрүүгө катышкан, улут аралык жаңжалды козуткан жана Ош-Бишкек жолундагы мамлекеттик маанидеги […]
1,703 Бардыгы / Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун чечимин күчөндө калтырып, аны өмүр бою абакка кести. Мындай чечимди Кыдык Жунушбаев төрагалык кылган соттук кеңешме чыгарды. Облустук соттун судьялары «Аскаров 2010-жылдын 13-июлунда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган, мыкаачылык менен күч кызматкерин өлтүрүүгө катышкан, улут аралык жаңжалды козуткан жана Ош-Бишкек жолундагы мамлекеттик маанидеги […]
БӨРҮБАШЕВ: “БУУ КОЛДОСО ДА АСКАРОВДУН АКТАЛБАГАНЫ КҮНӨӨСҮ ДАЛИЛДЕНГЕНИ»
01.02.2017 / Автор aymak

1,704 Бардыгы /
Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун чечимин күчөндө калтырып, аны өмүр бою абакка кести. Мындай чечимди Кыдык Жунушбаев төрагалык кылган соттук кеңешме чыгарды. Облустук соттун судьялары «Аскаров 2010-жылдын 13-июлунда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган, мыкаачылык менен күч кызматкерин өлтүрүүгө катышкан, улут аралык жаңжалды козуткан жана Ош-Бишкек жолундагы мамлекеттик маанидеги көпүрөнү тороп алган» деген биринчи инстанциянын койгон күнөөлөрүн толук негиздүү деп тапты. Мына ушул теманын алкагында саясий эксперт, юридика илимдеринин доктору Бекболсун Бөрүбашев менен маектештик.
— Негизи соттордун чечимине кийлигише албайбыз. Бирок, жаран катары пикир айтууга укугубуз бар. Сиз бул чечимге кандай көз караштасыз?
-Менин оюмча туура чечим кабыл алынды. Себеби Ош окуясында 400дөн ашык адам каза болгон. Ошол убакта эң коркунучтуу болгон улуттар аралык араздашууну анча-мынча адамдар көкүтүштү. Ошолордун бири Азимжан Аскаров болушу мүмкүн. Азыр карасак, Кыргызстандын түрмөлөрүндө көптөгөн адамдар отурат. Ошолордун бирөөсү да Аскаровдой жактоочу күтүп, колдоо алган жок. Канчалаган адвокаттар, уюмдар жада калса БУУнун комитети колдоп жатты. Буларды карап туруп, ушундай колдоо менен акталбаган айыпталуучунун күнөөсү толук далилденди деп ойлойм. Мындай чечим биздин келечегибизге да керек. Себеби көп улуттуу мамлекет болгондуктан, тынчтыкты сактап, жаңжал чыгарууга жол бербешибиз керек.
– Бирок, Аскаровдун жактоочулары, бир катар укук коргоочулар бул саясый чечим болгонун айтышып, “соттук кеңешүүлөр узак убакытка созулуп жатканы соттор бийликтин буйругун күтүп жатканынан кабар берет” деген айып коюшту. Мындай айыптоо канчалык жүйөлүү?
-Негизи сот адилеттүүлүгү деген өтө оор маселе. Соттун чечиминде бир тарабы нааразы болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, жанагы саясый чечим дегенди түшүнбөй турам. Саясатты түшүнбөгөндөр ушул сөздү колдоно берет. Балким мамлекеттик органдар менен соттошуп, алар аралашып калганы үчүн айтып жатышкандыр. Бирок, сотто мамлекеттик эмес, коомдун таасири көбүрөөк тийши керек. Ансыз адилеттүүлүктү орнотуу кыйыныраак.
— Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча комитети жана айрым эл аралык уюмдар Аскаровду бошотуу талабы менен кайрылды эле. Ошол эле учурда Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапарында да Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранышкан. Кыргызстан эл аралык келишимдерди аткарбай жатат деген айыптар да коюлган. Мунун арты менен Кыргызстан зыян тартып калбайбы?
-Эч кандай зыяны тийбейт. Себеби Кыргыз Республикасы эгемендүү өлкө. Ошондуктан, эл аралык уюмдар, БУУнун органдары, кайсы бир мамлекеттин башчылары тигини же муну бошоткула дегенге эч кандай акысы жок. Анткени ал жерде мамлекеттин эгемендүүлүгү бузулат. Алар өз оюн айтышы мүмкүн, бирок буйрук бере албайт. Өзгөчө 2016-жылы 11-декабрда референдум өтүп, Конституциядагы 41-берененин 2-бөлүмүндөгү 2-сүйлөмдү алып салган соң, 15-январдан тарта жаңы мыйзам иштей баштады. Муну эске алганда, жогорудагы уюмдардын койгон талаптары суу кечпей калат.
Аскаровдун жактоочулары Жогорку сотко кайрылышарын айтышты. Жогоруда өзүңүз келтирип кеткен аргументтерди эске алганда, ал жактагы чечим кандай болот деп божомолдойсуз?
– Соттун чечимин алдын ала айтыш кыйын эмеспи. Бирок, чогулган материалдарды жакшылап карап чыкса, адилеттүү чечим кабыл алынат деген ишеничтемин.
Маегиңизге чоң рахмат!
Булак: “Марал FM”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.11.2025 / Автор anarkan_kg ГЭСтердин ГИДРОАГРЕГАТТАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
-
19.01.2026 / Автор anarkan_kg АШУУЛАРДА ЖОЛ АЧЫК, КАТТАМ БАР – 11:00ГӨ КАРАТА МААЛЫМАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.