Аймак

Рахим КАРИМ: “МЕНИН ЖУМУШУМ – ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНЕ ӨЗ ИДЕЯЛАРЫМДЫ ЫР ТҮРҮНДӨ ТОЛУК КАНДУУ ЖЕТКИРҮҮ”

Рахим КАРИМ: “МЕНИН ЖУМУШУМ – ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНЕ ӨЗ ИДЕЯЛАРЫМДЫ ЫР ТҮРҮНДӨ ТОЛУК КАНДУУ ЖЕТКИРҮҮ”

 10,551 Бардыгы /

Кыргыздын талантуу акыны Рахим КАРИМ соңку тапта “Алтын Бүркүт – 2021” Эл аралык абройлуу сыйлыгына арзып олтурат. Үйүндө жамбаштап жатып алып ыр жазган жана чет өлкөлүк кесиптештеринин чыгармаларын кыргызчага жана өзбекчеге тынымсыз оодарган талант менен үйүндө эле капыл-тапыл сукбатташтык.

– Рахим мырза, Эл аралык мартабалуу сыйлыгыңыз кут болсун!

– Чоң рахмат, Алишер мырза! Чынымды айтайынчы, кайсыл сыйлыгым! Анткени, акыркы мезигилде бир катар Эл аралык сыйлыктарга арзыбадымбы. Ошондуктан, мен алардын негиздөөчүлөрүнүн бирин кокусунан таарынтып албас үчүн, алардын бири жөнүндө айтуудан дагыле кыжаалат боломун. Анткени, алардын баары тең бири-бирине салыштырмалуу кадыр-барктуу. Маселен, булардын акыркысы Латын Америкасы Жазуучуларынын Бүткүл Дүйнөлүк Биримдиги тарабынан түзүлгөн гуманисттик мыктылык номинациясындагы “Алтын Бүркүт -2021” сыйлыгы болду.

– Дал ушул “Алтын Бүркүт – 2021” Эл аралык сыйлыгынын сынагына деги кантип катышып калдыңыз? Кайсыл чыгармаларыңыз менен?

– Интернеттен бул чыгармачыл уюм 2021-жылкы Дүйнөлүк сыйлык үчүн сынак жарыялаганын билип, англис жана испан тилдерине которулган ырларымды электрондук почта аркылуу эле жөнөттүм. Булардын арасында Мекенге, Кыргызстанга, Ошко, эне, ата, Адамзат проблемалары, гуманизм жана албетте, сүйүүгө арналган ырларым бүт бар болчу.

Мен негизинен согуш жана тынчтык темаларына абдан көп кайрылам. Башкы максатым –  Адамзатка жер жүзүндө аман калууга колумдан келишинче жардамдашуу. Бул менин чыгармачылыгымдын, анан дагы жашоомдун эң негизги тамасы. Балким, калыстар тобуна дал ушул темадагы ырларым көбүрөөк жаккан өңдөнөт.

– Эмне, Сиз калыстар тобу менен мурун-соң тааныш белеңиз?

– Албетте, жок! Бирин дагы таанымак түгүл, эзели уккан эмесмин! Калыстар тобунда кимдер бар экендигин азыр деле билбеймин. Анткени, чет өлкөдө мындай Эл аралык мелдештер өтө жашыруун түрдө өткөрүлөт. Башкача айтканда, конкурсанттар аларга коюлган сандардын астында гана катышат. Калыстар тобунун бир дагы мүчөсү кимдин ишин окуп, баалап жаткандыгын өздөрү билбейт.

Албетте, мен Латын Америка жазуучуларынын Дүйнөлүк Биримдигинин президентин сыртынан гана билем. Бирок, бул кишинин калыстар тобуна таасир эте алаары абдан күмөн. Анткени, мен бул эмне экендигин эң жакшы билем. Себеби, мен өзүм дагы бир нече жолу Бүткүл Дүйнөлүк акындар лигасынын (Нигерия) дүйнөлүк поэзия сынактарынын, ошондой эле Филиппинде өткөн Бүткүл Дүйнөлүк поэзия сынагынын башкы калысы дагы болгомун. Бул жерде башкы калыс акындардын ысымына карап эмес, сандардын астындагы чыгармаларына карап гана добуштарын беришет.

– Сиздин буга дейре канча ырлар жыйнагыңыз, нече тилде жарык көрдү?

– Кымбаттуу Алишер досум! Эми менин кыла турган иштерим көптүгүнөн улам аларды санаганга деле убактым жок! Ушул күнгө чейин өзүм канча китеп чыгарганымды дагы, чынында, так билбеймин. Менимче, жалпысынан алтымыштан ашты өңдөнөт. Балким, котормолорумду кошкондо мындан дагы көптүр. Мисалы, бир гана Кыргыз Эл акыны, ырааматылык Эгемберди Эрматовдун «Мухаммед пайгамбар» дастанын эки тилге: өзбек жана орус тилдерине котордум. Тагыраагы, мен ошентип эсептен чыгып калдым.

Чынымды айтайынбы. Сөзсүз күн сайын бир жерде бир нерсем жарыяланат. Бул басылмалардын арасында жамааттык топтомдор, антологиялар, кагазда басылган жана электрондук китептер бар. Мен аларды эсептөөнү дагы токтоттум.

Мен үчүн эң башкысы – чыгармаларым чыгып, бүткүл дүйнөдө окулуп жатпайбы. Менин жумушум – дүйнө элдерине өз идеяларымды толук кандуу жеткирүү. Аларга аздыр-көптүр сөзсүз таасир этүү. Алардын жашоосуна такай жардамдашуу. Аларга эң туура жолду гана көрсөтүү.

– Кыйчалыш заманда китеп чыгарганда абдан эле кыйналып жатсаңыз керек? Же туруктуу спонсоруңуз (демөөрчүңүз) барбы?

– Албетте, биздин убакта жана өмүр бою китептеримди басып чыгаруу мен үчүн абдан кыйынга турду.  Мен ар дайым биринчи окурмандарым болгон Кыргыз элине гана терең ыраазычылыгымды  билдирем. Менин адабий чыгармачылык менен үзгүлтүксүз алектенүүмдү ырааттуу улантуума мекендештеримдин көмөгү абдан эле чоң!

Ырас, тигил, же бул ырлар жыйнагымды чыгаруу үчүн тамак-аш, кийим-кече жана башка оюн-зооктордон өзүмдү чектөөгө дагы туура келди. Кымбат чет элдик машиналарды айдаган эмесмин, люкс үйдө дагы жашабадым. Тилекке каршы, мунун баарында мен өзүмдү эле эмес, бүт үй -бүлөмдү: жолдошумду, уулдарымды дагы ыраса чектедим.

Кудайга шүгүр, бирок, мен балдарыма  жогорку билим берүүгө жетиштим. Акыркы он жыл аралыгында эч жерде туруктуу иштебедим. Бул менин жалкоолугумдан эмес. Менин талантыма, билимиме муктаждык болбогондуктан. Ошондуктан, дүйнөнүн ар тарабынан келген ар кандай авторлордун котормолору менен гана көп убактымду короттум.

…Дагы кайталаймын, жок-жок! Менин өзүмдүн жеке демөөрчүм жок! Мен чыгармаларымды мүмкүн болушунча өз эсебимден гана чыгарам. Мен аларды адамдар басып чыгарган жана окуган жерлерге гана сунуштаймын жана таратамын. Былтыр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин көмөгү аркасында басылган “Мен – миң сапта” жана “Акын болгон адам” аттуу эки томдук ырларым  орус тилинде Бишкекте жарык көрдү. Муну үчүн талантымды баалагандардын баарына тең баашымды ийип, терең таазим кыламын!

– Азыркындай кыйчалыш заманда элибиз таптакыр китеп окубай калбадыбы. Ошентсе дагы окурмандарыңызды деги Сиз кантип таап жатасыз?

– Мен, чынында, билбеймин, биздин өлкөбүздө окурмандар азыр канчалык активдүү китеп окуп жаткандыгын. Бирок, бир жагдайды так билем, дүйнөдө адамдар көп китеп окушат. Жеке менин чыгармаларымды күн сайын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар окушат. Мен Сизге мындай так санды айтуудан эч коркпоймун!

Анткени, мени ай сайын ар кандай сайттардан, социалдык тармактардан миллиарддаган адамдар окушат. Алар а түгүл мага кат дагы жазып турушат. Мындан тышкары ийгиликтеримди унутпастан убагында куттукташат. Тартынбастан, ой-пикирелерин дагы ачык билдиришет. Эң эле кызыгы: чыгармаларыма суктанышат жана аны менен өлө сыймыктанышат.

– Рахим мырза, мен билгенден Сиз үч тилде (кыргыз, өзбек, орус) тилдеринде бирдей жазасыз. Мындан Сиз эмнени уттуңуз?

– Ооба, мен өзүм кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде бирдей жазам. Ырларымды акыркы кезде сөздүк аркылуу англис тилине дагы которууга аракеттенем. Туура, менин  кыргызча тексттеримди  кыргыз досторум редакциялап дагы беришет. Муну мен моюнга алышым парз. Мен мындан көп нерсени уттум, эй! Менин чыгармаларым дүйнөнүн ар кайсы тилдеринде бир убакта окулат.

Ушул күнгө дейре айтылуу “Камила” романым гана өзбек тилинен дароо кыргыз, орус, англис, серб, хинди, араб, вьетнам, түрк жана дүйнө элдеринин башка тилдерине которулду. Дал ушунун өзү дүйнөдө дагыле китеп окулуп жаткандыгын айгинелеп турбайбы. Бирок, бул иш азырынча  мени бай кылып жарыткан жок. Бул – анык!

Ошентсе дагы, бакыт жалаң акчада эмес! Сенин талантың өзүң жашаган Дүйнө элине керекпи? Ушул – менин утугум! Мен Аллахтын мага тапшырган вазийпасын чоң сыймык менен аткарып жатам. Бул, албетте, бардык сыйлыктардан жогору турат!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Рахим КАРИМ (КАРИМОВ) – Өзбек, Кыргыз, Орус Совет акыны, жазуучусу, публицист, котормочу. 1960-жылы Ош шаарында төрөлгөн. СССР маалында Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Орус тилдүү жазуучулардын эл аралык федерациясынын (Лондон-Будапешт) Кыргызстандагы расмий өкүлү. ЕврАзия Элдер Ассамблеясынын Адабий Кеңешинин тең төрагасы. Орусиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргызстандагы Молдо Нияз жана Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабий сыйлыктардын лауреаты.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17