Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

Байсал САТЫБАЛДИЕВ: “АНКЛАВДАР БАШ ООРУТЧУ КЕЗ КЕЛДИ”

Байсал САТЫБАЛДИЕВ: “АНКЛАВДАР БАШ ООРУТЧУ КЕЗ КЕЛДИ”

 9,531 Бардыгы /

Соңку тапта Кыргызстандын мобул коңшулаш Тажикстан мамлекети менен чек ары чыры эч басаңдабастан, тескерисинче, күн өткөн сайын уламдан улам курчуп, кээде чоң чыр-чатактар, а түгүл  ок атышуулар менен байма-бай коштолууда. Дегеле мындай өз ара тирешүүлөрдү бара-бара биротоло тынчытуунун жолу бардыр? Ушул жана башка суроолорубузга  анклавдар боюнча дасыккан адис – герография илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Байсал САТЫБАЛДИЕВ кеңири жооп кайтарды.

  • Байсал мырза, адегенде делимитация жана демаркация деген терминдер негизи эмнени туюндурат? Ушуларды кыскача чечмелеп бербейсизби?
  • Делимитация жана демаркация – чек араларды биржаңсыл бөлүштүрүү. Делимитация жараянында адегенде протоколдор түзүлүп, анан гана чек ара сызыктары кайсыл жер аркылуу өтөөрү, кандай белгилер коюлаары жана дагы таяныч пункуттары так жана даана белгилинет. Ал эми демаркация маалында ошол таяныч пункуттары аркылуу кадимкидей чек ара зымдары – атайын тосмолор тартылат.Кыскасы, чек араны бойлото тикенек зым тартылып, ал аркылуу кээ бир убакта ток жүргүзүлүүсү кажет!Тактап айтканда, делимитация намералдык, ал эми демаркация практикалык жумуштар болуп саналат.
  • Өзү чек араларды бөлүштүрүүдө эң ириде эмнелерге өзгөчө  басым жасалат?
  • Албетте, чек араларды аныктоодо эң ириде жердин аталышына – топонимикасына өзгөчө көңүл бурулат. Маселен, азыркы Тажикстандын курамындагы Мургаб району тээ 1924-жылкы карта боюнча Кыргыз АССРине (азыркы Кыргыз Республикасына) караган.  1926-жылы эмнегедир Тажик ССРине белгисиз жагдайда тартуулап ийишкен. Болбосо, “Мургаб” кыргыздын нукура “нур кап” деген сөзүнөн алынган. Мындайча айтканда, “Күндүн нуру чачылган жер” дегенди эле туюндурат.

          Кыскасы, Чек ара бөлүштүрүүдө, биринчиден, жердин аталышы абдан чоң роль ойнойт. Экинчиден, көрүстөндөр жана тарыхый-маданий  эстеликтер дагы өзгөчө мааниге ээ. Карасаңыз, тарыхта Фергана өрөөнүн бир нече улуттар мекендешкен. Ал эми Орусиянын Алтай тоолорунан тартып мобул Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусун кыргыздар тээ илгертен байырлаган. Демек, ата-бабаларыбыздын сөөктөрү дагы дал ушул чөлкөмдө көмүлгөн.

  • Демек, эми чыныгы талаш-тартыштын баары алдыда деңизчи?
  • Ооба, так ошондой! Кыргызстандын ичинде жалпы жонунан алты анклав жайланышкан. Булардын төртөө – Өзбекстанга, ал эми экөө – Тажикстанга таандык. Дал ушул аймактар – анклавдар бүгүн биздин, Кыргызстаныбыздын, башын оорутчу кез эми келди. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү чек ара жаңжалынын басымдуулугу биздин өлкөгө таандыктыгы дагы биздин ушул сөзүбүзгө далил.

Анткени, Борбор Азиядагы үч мамлекетти камтыган Фергана өрөөнүндө калк абдан эле жыш отурукташкан. Мындан дагы опурталдуусу: аталган өлкөлөр анан дагы ашкере исламдашкан. Ошол себептүү улуу империя – тээ Советтер Союзунун маалында деле  Фергана өрөөнүнүн жаңжалдан башы чыккан эмес!

– Байсал мырза, биз дагыле ушинтип чек ара чырынан башыбыз чыкпастан жүрө беребизби?

– 1992-жылы кабыл алынган Минск келишими бар. Анда ар бир мамлекет улуу Советтер Союзу – СССР ыдыраганда кайсыл чек арада жайгашса, дал ошол бойдон гана калышы керек эле. Бул – биринчиси. А экинчиси – Кыргызстан Өзбекстанга ижарага берген жерлер бизге кийин таптакыр кайтарылган эмес. Же булардын ордуна негедир башка аянттар деле берилбеген. Кудум ушундай эле көрүнүш Тажикстанга дагы таандык.

Чек араны калыс жана адилет бөлүштүрүүдө суунун топтолуу, ошондой эле таралуу облусу деген абдан маанилүү түшүнүк бар. Биздин өлкөбүз – Кыргызстан жетимиш сегиз пайызы суунун топтолуу, ошол эле убакта он эки пайызы суунун таралуу облусунда гана жайланышкан. Демек, коңшу мамлекеттер бул жагынан Кыргызстанга ар тараптуу көз каранды. Ушуну билип туруп, коңшу өлкөлөр чек ара чырын Кыргыз бийлигин жана ички саясатын атайылап алаксытуу максатында гана үстөккө-босток уюштуруп жатышпайбы.

Ал эми биз, тилекке каршы,

Суу башында олтуруп,

Сууга зарсың, кыргызым! – деген таз кейпибизди дагыле кийип олтурабыз.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17