Аймак

Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ ИЧКИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНБАЙ ЖАТЫШАТ”

Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ ИЧКИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНБАЙ ЖАТЫШАТ”

 5,907 Бардыгы /

Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың?

                                        Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң…

                                        Аман ТОКТОГУЛОВ, акын

Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ 54 жашты чапчыса деле, адаттагыдай өзүнө тыкан. Көз тийбесин, дайыма бир калыпта кийинип, зыңкыйып гана жүрөт. Анан дагы чапчаңдыгын айтпаңыз. Саарлап райкимчиликтин чогулушуна катышса, а түштө кеңсесинен киши үзүлбөйт. Канаасына баш баккандардын баардыгынын тең муң-зарын дыкаат тыңдап, маселесин дароо жайгарат. Ал эми түштөн кийин калкты тейлеген мекеме-ишканаларды чекесинен кыдырат. Биз жаны таптакыр тынбаган аткаминерди артынан калбастан ээрчип  жүрүп, акыры араң кармап, буга улай капыл-тапыл кепке дагы тарттык.

– Бактыбек мырза, Сиз фамилияңызга караганда мурунку  президентибиз Сооронбай Жээнбековдун туугандарынан эмессизби?

-Ооба. Сооронбай Жээнбеков экөөбүз – бир тууган ага-ининин балдарыбыз.

-А киши тактыда олтурганда демек, Президент кезинде Сиз деле ушундай зор мүмкүнчүлүктөн өз кызыкчылыгыңызга пайдаланбадыңызбы?

-Менин өзү дээримден андай жел өпкөлүк, мактануучулук, же бирөөгө таянып иш бүтүрмөй адатым жок! Ошондуктан, ушул жерден эле агарып-көгөрүп келатамын. Адегенде Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары элем. Бир жыл мурун Кара-Кулжа Айылдык Кеңешинин депутаттары мага зор ишеним көрсөтүшүп, Айыл Өкмөт башчылыгына шайлашты.

-Соңку кезде административдик реформага шылтоолоп, айыл өкмөт башчыларын өздөрүнүн районунан башкасына ротациялоо, мындайча айтканда, орун эле алмаштыруу өнөкөткө айланды. Сиздин баамыңызда, жергиликтүү чоңдорду минтип которуштуруп иштетүү элибиздин жашоо-шартын бара-бара жакшыртууга, ансыз деле кургуйга кулаган экономикабыздын чукул арада өйдөлөшүнө жарачуудайбы?

-Ротация – тээ союздун маалындагы ыкма. Эсиңиздеби? Түндүктүн тың чыкмаларын Түштүк жергесине же тескерисинче байма-бай котруштуруп иштетип, трайбализм тамырын биротоло кыркуу эле. Акыры эмне болду? Мындай олдоскон мамиленин азабын биз куп тартпадыкпы… Дегеним, жанагыл “десанттар” бейтааныш аймакка көнүп, анан дагы биротоло ага ылайыкташкыча, убакыттан эле уттуруп жатпайбызбы. Мен, ошондуктан, “Өз өлтүрбөйт! Жат жарытпайт!” деген тейдемин. Анткени, жоопкерчилик жана уят – баарынан жогору. Эгерде жердештериңе абийирдүү жана ак кызмат өтөбөсөң, бүтпөс кепке жана түгөнбөс балээге каласың. Өтө кейиштүүсү: укум-тукумуңа дейре сөзсүз залакасы тийет, нааласы калат, эй…

-Демек  экономиканы ротациясыз деле оожалтып, эл турмушун инвестициясыз эле оңдогонго мүмкүнчбү?

-Албетте. Эң ириде иштин көзүн билгендерге сөзсүз артыкчылык берилүүгө тийиш! Маселен, биздин Кара-Кулжада жеке ишкер Жайнагүл Кадырбекова 350 миң сомго кийим тигүүчү жабдыктарды катарынан орнотуп, анын сапаттуу товарлары Германия жана  Орусия өлкөлөрүнөн туруктуу кардар тапты. “Сымбат” кафеси пайдаланууга тапшырылып, ушул тапта жердештерибизди заманбап тейлеп жатат. Бизнесмен Тимур Атабаев 10 миллион сом коротуп, райборбордогу калкты тейлөө борборун бүтүрүүнүн алдында турат. Буга улай турмуш-шарты өлө начар Бөрүбай Батировдун  үй-бүлөсүнө демилгечи жаштар, ошондой эле жергилктүү бюджет акча таап, 700 миң сомдук  үй куруп киргизишти. Мындай салт дагы улантылып, жалгыз бой Уулбү Эрмекбаевага 1982-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү 450 миң сомго турак жай тикелеп, бекер тартуулашты. Мындай мыкты жөрөлгөдөн башпаанесиз айласы куруган Турдумамат Эргешов дагы куру калган жок!

-Ошентсе дагы, ири инвестициясыз чоң ишкана куруу бүгүнкү күндө жомок эмеспи?

-Кара-Кулжа кыштагындагы №29-кесиптик лицейдин жанына заманбап кийим тигүү тикеленип жаткан маалы. Бул курулушту Кувейт мамлекетинин “Ас салам” кайрымдуулук фонду каржылоодо. Буга улай ушул эле Фонддун түздөн-түз жардамы аркасында нан бышыруучу цех, балдар бакчасы, мечит жана жатакана курулду.

Сары-Камыш айылында ФАП бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды. Ага коротулган 3 миллион 500 миң сомду Кувейттин “Ас салам” кайрымдуулук Фонду көтөрдү. Ушул эле кыштактагы 1 гектар аянтка тамчылатып сугарылчу алма сорту эгилди. Буга дагы ФАО уюму 40 миң сом сарптады.

-Бактыбек мырза, соңку сааттарда айыл өкмөтүнүн алдында жаштардын маалымат-ресурстук борборун ишке киргиздиңиздер. Мунун башкы максаты эмнеде?

-Ооба. International Alert Эл аралык уюму Улуттук Медиа борбору жана Өнүктүрүү саясаты институту менен өнөктөштүктө Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдында жаштардын маалымат-ресурстук борборун ишке түшүрдү. Бул “Ынтымактуу жашоо” долбоорун  Европа Биримдиги каржылоодо. Бул аркылуу жаштар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара ишеним күчөтүлмөкчү. Ошондой эле жаш муунубуздун саясий сабаттуулугу, коомдук турмушка батыл жана ар тараптуу аралашуусу авктивдештирилет. Ошентип биздин айыл өкмөтүбүздөн деңгээлиндеги көйгөйлөрдү ыкчам жайгарууга мындан ары жаштарыбыз эң эле активдүү катышышмакчы.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ 54 жашта. Өмүрлүк жубайы Назгүл – жеке ишкер. Экөөлөп бир кыз, үч уулду тарбиялап жатышат. Маектешибиз тээ совет доорунда К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Кесиби – агроном. Идеал тутунган лидерлери – Исхак Раззаков жана Владимир Путин. Өмүр бою Отто фон Бисмарктын “Түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас дагы жок. Түбөлүктүү кызыкчылыктар гана бар!”- деген принцибин гана бекем карманып келатат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17