Аймак

КАЗАКСТАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ОРУСИЯДАН КЫМБАТ БААДА АЛУУДА

КАЗАКСТАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ОРУСИЯДАН КЫМБАТ БААДА АЛУУДА

 852 Бардыгы /

Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр Энергетика министрлигине өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

“Акыркы эки жылдан бери бизде электр энергиясы тартыш болуп жатат. Мындан улам аны Орусиядан кыйла жогорку баада сатып алынган энергиянын эсебинен жабууга аргасыз болуудабыз. Тартыштык суткасына 1 200 МВт жетүүдө. Эксперттер муну суроо-талаптын өсүшү, энергетикалык инфраструктуранын эскиргени жана аварияга көп учурап жатканы менен түшүндүрүүдө”, – деди Скляр.

Ал Энергетика министрлиги жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүү боюнча планды билип туруп ар жылкы энергобалансты түзүүдө эч кандай чара көрбөгөнүн сынга алды. Андан соң министрлик менен “Самрук-Казына” улуттук фондуна 15-февралга чейин жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн мөөнөттөрүн кайра карап чыгууну тапшырды.

Казакстандын бийлиги электр энергиясынын тартыштыгын калктын жана бизнестин суроо-талабынын өскөнү, энергетикалык инфраструктуранын эскиргени жана “көмүскө майнерлердин” ишмердүүлүгү менен түшүндүрүүдө. Ошол эле маалда бул маселени чечүү шылтоосу менен калкты АЭС куруу зарылдыгына көндүрүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17