Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,621 Бардыгы / Учурда Бишкектеги тергөө абагында отурган украин жараны президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Анда ал мурда Беларуста Андрей Ковалев деген ат менен жашаганын, бийликтин куугунтугуна байланыштуу ал жактан качып чыкканын, 2017-жылы Украинада качкын макамын, андан кийин жарандык алып аты-жөнүн Владимир Кадария деп өзгөрткөнүн билдирген. Катта ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун аны экстрадициялоо тууралуу […]
1,622 Бардыгы / Учурда Бишкектеги тергөө абагында отурган украин жараны президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Анда ал мурда Беларуста Андрей Ковалев деген ат менен жашаганын, бийликтин куугунтугуна байланыштуу ал жактан качып чыкканын, 2017-жылы Украинада качкын макамын, андан кийин жарандык алып аты-жөнүн Владимир Кадария деп өзгөрткөнүн билдирген. Катта ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун аны экстрадициялоо тууралуу […]
БИШКЕК АБАКТА ОТУРГАН УКРАИН ЖАРАНЫН БЕЛАРУСКА ЭКСТРАДИЦИЯЛАЙТ
02.03.2023 / Автор anarkan_kg1,623 Бардыгы /
Учурда Бишкектеги тергөө абагында отурган украин жараны президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду.
Анда ал мурда Беларуста Андрей Ковалев деген ат менен жашаганын, бийликтин куугунтугуна байланыштуу ал жактан качып чыкканын, 2017-жылы Украинада качкын макамын, андан кийин жарандык алып аты-жөнүн Владимир Кадария деп өзгөрткөнүн билдирген. Катта ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун аны экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырганын жазган. Беларус бийлиги ага “Компьютердик маалыматты модификациялоо жолу менен мүлк уурдаган” деген айып такканын билдирген. Беларуста өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан, Украинадан качкын макамын суроого мажбур болгонун айткан.
Адвокат Автандил Алимжанов Кадариянын кайрылуу жолдогонун ырастады.
Анын айтымында, украин жараны былтыр августта Кыргызстанга келип, сентябрда Беларустун өтүнүчүнө байланыштуу эки айга камакка алынган. Камакта жатканда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине качкын макамын алуу үчүн кайрылып, 2022-жылдын 9-декабрында аны качкын деп таануу боюнча арызы катталды деген күбөлүк берилген. 12-декабрда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын маалыматынын негизинде экстрадициялоо чечимин чыгарган.
Адвокаттар доо арыз менен кайрылган Бишкек шаардык соту 15-февралда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов бул маселе боюнча чечим Кыргызстандын Жазык кодекси жана Кишинев конвенциясына ылайык кабыл алынганын айтуу менен чектелди.
Буга чейин БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссиариатынын Борбор Азиядагы өкүлү Фабио Пиана жана БУУнун Качкындар агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн жетектеген Ганс Дридрих Шоддер башкы прокурор Зулушевге кайрылып, Кадарияны экстрадициялоо чечими эл аралык конвенция менен жергиликтүү мыйзамды бузуп жатканын эскертип, аны жокко чыгарууга чакырышкан.
Президенттик администрация Кадариянын кайрылуусуна комментарий бере элек.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
03.10.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ
-
06.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна Сүйүнбек МАМАЗАИРОВ: “ДАТКАЛАРДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ИШТЕЙБИЗ!”
-
-
-
-
-
08.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБ БАШЧЫСЫ ОБЛУСТУН РАЙОН-ШААРДАГЫ ӨЗДҮК КУРАМЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА
Маек
Сүйүнбек МАМАЗАИРОВ: “ДАТКАЛАРДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ИШТЕЙБИЗ!”
Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан Аймактык жана Административдик реформага ылайык…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.