Аймак

ТАШКЕНТТЕ ОРУСИЯЛЫК ЫРЧЫЛАРДЫН ФЕСТИВАЛЫ ӨТПӨЙ ТУРГАН БОЛДУ

ТАШКЕНТТЕ ОРУСИЯЛЫК ЫРЧЫЛАРДЫН ФЕСТИВАЛЫ ӨТПӨЙ ТУРГАН БОЛДУ

 1,188 Бардыгы /

Ташкентте Орусиянын 30дан ашык “путинчил” ырчысы катыша турган “Жара” музыкалык фестивалы өтпөй турган болду. Буга чейин алардын бул концертине Азербайжан менен Казакстанда да тыюу салынган.

20-21-май күндөргө белгиленген музыкалык иш-чарага билеттерди сатуу токтогонун өзбекстандык iTicket компаниясы 3-апрелде билдирди.

“Тилекке каршы, дүйнөдөгү азыркы кырдаал масштабдуу музыкалык иш-чараларды өткөрүүгө ылайык болбой турат”, – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстандагы фестиваль кийинкиге жылдырылары жөнүндө кабар тараган. Бирок AFP агенттиги өзбек полициясындагы өз булактарына таянып, “даярдык иштери ИИМдин буйругу менен токтотулуп, фестиваль таптакыр эле өтпөй турганын” жазды. Маалыматка караганда, буга фестивалда Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчылардын катыша турганы себеп болгон.

Сынчылар “Жара” фестивалын “Z-батальону” же “Путинчилердин бандасы” деп атап, ал Орусиянын Украинадагы согушун пропагандалоо үчүн өткөрүлөрүн айтып келишет.

“Жара” фестивалы Ташкентте өтөрү марттын аягында кабарланган. Анда уюштуруучулар төмөндөгүдөй билдирүү тараткан:

“Русофобиялык маанай иш-чараны өткөрө турган жерди өзгөртүүгө аргасыз кылууда: 9-12-мартта Алматыда өтүшү керек болгон “Жара” фестивалы Ташкентте өтөт. Буга казак соцтармактарындагы активдүү русофобия себеп болду”.

Фестиваль Ташкентте өтөрү кабарлангандан кийин соцтармактарда өзбекстандык колдонуучулар да каршы пикир жазып, иш-чарага бойкот жарыялоого чакырышкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17