Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,417 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен шаарында облустук акимчиликтин алдында Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын соодалаган жеке ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты. Баса, Баткендин ишкерлери Бактендеги Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, бирок, аны төлөбөй качып кеткендигин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү […]
1,418 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен шаарында облустук акимчиликтин алдында Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын соодалаган жеке ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты. Баса, Баткендин ишкерлери Бактендеги Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, бирок, аны төлөбөй качып кеткендигин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү […]
БАТКЕНДИ ТИКЕЛӨӨДӨ КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН СООДАЛАГАН ИШКЕРЛЕР НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ
11.05.2023 / Автор anarkan_kg

1,419 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен шаарында облустук акимчиликтин алдында Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын соодалаган жеке ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты.
Баса, Баткендин ишкерлери Бактендеги Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, бирок, аны төлөбөй качып кеткендигин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты. Нааразы тарап менен Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугушуп, аларга эки күн убакыт берүүнү, Өзбекстан менен байланышып ишкерди табууга сөзсүз аракет жасалаарын катуу убадалады.
Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште дагы Баткендеги курулушка байланыштуу маселе көтөрүлгөн эле. Жогорку Кенеш депутаты Нурлан Ражабалиев анда президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго ачык кайрылып, чара көрүлүшү зарылдыгын баса белгилеген: – Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту «Аманат курулуш инвест» компаниясы алган. Ал «Доор курулуш» деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрүшөт. Ал эми куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин алалбай жүрүшөөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалаган материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл абдан кыйналып атат. Мындан тышкары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштешкен экен Алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт.
А буга дейре Жогорку Кенештеги «Ишеним» фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын дагы уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жаткандыгын катуу сынга алышкан.
2022-жылы 14-17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 миллиард сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз кейипти кийген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, таланып-тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 миллиард 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, былтыр октябрда иш башталган эле.
Айтмакчы, кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү тескерисинче Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгондугун расмий билдирген. «Озоди» чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар дагы бар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
21.10.2024 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН 120 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ
-
-
06.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ: ЖАҢЫ ГИМН ҮЧҮН АЧЫК, ТАЗА СЫНАК ӨТКӨРӨБҮЗ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.