Аймак

БЫЙЛ VII ЭЛ АРАЛЫК ЭПОСТОР ФЕСТИВАЛЫ ОШ ШААРЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

БЫЙЛ VII ЭЛ АРАЛЫК ЭПОСТОР ФЕСТИВАЛЫ ОШ ШААРЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

 1,287 Бардыгы /

ОШ. VII эл аралык эпостор фестивалы үстүбүздөгү жылдын 17-21-майында Ош шаарында өткөрүлөт. Бул иш-чарага жалпы жонунан отуздан ашуун өлкөдөн окумуштуу, изилдөөчү, айтуучу жана дагы уздар катышары күтүлүүдө.

          Аталган фестивалдын уюштуруучусу Дамира Алышпаева дүйнө элдеринин эпос фестивалы брендге айланып калгандыгын дагы баса белгиледи. Анын айтымында, быйыл фестиваль илимий-практикалык симпозиум жана маданий багыт болуп эки компоненттен турмакчы.

          – VII эл аралык эпостор фестивалына 30дан ашуун өлкөдөн окумуштуу, изилдөөчү, айтуучу, уздар катышышат. Фестивалда илимий-практикалык симпозиум болуп, анда илимий докладдар дагы кулат. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө «Маданияттагы ар түрдүүлүктүн парады» деп аталган экинчи компонент бар. Бул бөлүгүндө боз үйлөрдүн, айтуучулардын сынагы сыяктуу иш-чаралар пландалган. Айтуучулук сакталып калган улут катары Кыргызстан — эпостордун мекени деп айтылып келет. Ошондуктан бул багыттагы иш-чараларга басым жасалат, — деп кошумчалады VII эл аралык эпостор фестивалынын уюштуруучусу Дамира Алышпаева.

          Баса, VII эл аралык эпостор фестивалында жогорудагылардан тышкары дастанчылардын сынагы дагы кошо жүрөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17