Аймак

ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН

ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН

 6,438 Бардыгы /

Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында “Энелер күнү” белгиленет. Бул тууралуу жарлыкка президент 2012-жылы кол койгон.

Эне – бул дүйнөдөгү табылгыс, теңдешсиз улуу адам. Эненин жүрөгүндөй эч кимдин жүрөгү сокпойт, эненин балага болгон сүйүүсү, мээрими, баарынан кымбат, эч нерсеге алмашкыс. Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз. Эне сүтүн актоо оңой эмес. Мына ушунда жашоодогу түмөн түйшүктү моюнуна жүктөп аткарып келе жаткан энелер тууралуу сөз болмокчу.

Эне тууган акылманды баатырды,

Эне тууган аттуу-баштуу башчыны, -демекчи бүгүн биз Жалал-Абад облусундагы ар кандай тармактардагы жетекчилердин энелери тууралуу кеп козгоону туура көрдүк.

Нематулла ЖЭЭНБЕКОВ, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы:

– Апам Айша Жээнбекова, 1993-жылы 68 жашында дүйнөдөн өткөн. Биз үй-бүлөдө 12 бир тууганбыз, мен 10-баламын. Апамдын мүнөзү өтө жоопкерчиликтүү, ишти тез кылган, ошол иш менен гана чектелбестен ага кошумча бир нече ишти жетишип аткарган инсан болгон. Мына ушул сапаттары, мүнөздөрү менде бар десем адашпайм. Мындан сырткары апам эч качан бирөөнү алдабаган, жалган сүйлөбөгөн адам эле. Мен да чын айтып, айткан сөзүмдүн үстүнөн чыгууга аракет кылам. Бул сапат да апамда болгон. Биздин атабыз өрөөнгө белгилүү аалым болгондуктан үйдө атам, айыл аксакалдары биргеликте айылдагы жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин көп карап, чечишчү. Айрым оор маселелерде аксакалдар ойлонуп калганда апам чай сунуп аралашып жүрүп, акырын көйгөйдү чечүүгө сунуштарын айтып койчу. Ага аксакалдар чын эле деп макул көрүп калган учурлар көп кездешчү. Бул апамдын акылгөйлүгүнөн кабар берет.

Апам эркек затын сыйлаган, урматтаган, кадырын баалаган адам болгон. Мурда баарыбызга белгилүү кир жуучу машиналар болгон эмес. Учурунда энелерибиз тепшиге кир жуушчу. Айтайын дегеним апам атамдын кийимдерин башка тепшиге жуучу. Керек болсо ага өзүнүн кийимин да аралаштырчу эмес. Ал тепши баканда илинип турчу. Ага эч ким тийишчү эмес. Мындан сырткары апам атама эч качан тамак ысытып бергенин көрбөгөнмүн. Ар качан жаңы, таза тамак бышырып берчү. 

Апамдын бизге берген тарбиясы эң жогору болгон деп айта алам. Анткени атам эл адамы болгондуктан үйдө биздин тарбия менен апам көп алектенген. Бизди эмгекчилдикке, жөнөкөйлүккө, тууган-уруктарды, кыздарды жана үйгө келген конокторду жакшылап тосуп алып, жылуу мамиле жасап узатууга, мектепте жакшы окууга, мугалимдерди урматтоого үйрөткөн. Апамдын келечекке болгон кенен көз карашы бизге терең таасир калтырган. Эненин балдарын эрезеге жеткирүүдө аткарган орду жогору бааланат. Анткени эне- бул медресе, окуу жай. А ата – сырткы тон дегендей, ал акча таап келүү, үйдү тикелөө менен алектенет. Эне күнү-түнү балдарынын жанында болуп, баланын кубанычын, кайгысын тең бөлүшүп, кемчилдигин кечире билип, ийгилигин алкоолоп, адам кылат. Бул аракеттер, мээнеттер эненин балага кошкон салымы, жашоосуна болгон багыты экен. Эне үй-бүлөдөгү балдардын тарбиясына гана чектелбестен жолдошун кошо тарбиялап, жашоодо колдоп, кубаттап, турмуш эрежесинен жаңылып же мүдүрүлүп чалынып калбоосуна өзүнүн кеңешин берип турган да ошол эне болуп эсептелет. Ошону менен бирге ошол үй-бүлөдөгү жалпы тиричиликтин алдыга жылуусуна, бактылуу жашоосуна демилгечи. Демек эне коомдо үлгү. Коомдун оңолушу- бул мамлекеттин оңолуусу. Себеби ар бир үй-бүлө өзүнчө кичинекей мамлекет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) бизге айтылган хадисинде айтылгандай энелерди урматтап-сыйлап, алардын ак батасын, ата-эненин ыраазычылыгын алуу менен өз бейишибизди алган болуп эсептелебиз. Мен апамдын эң кенже уулу болгондуктан студент болуп окудум, үйлөнүп турмушта өзүм бутума тура элек мезгилимде апам бул жарык дүйнөдөн кайтыш болуп кетти. Апама жакшы кызмат кылып, аны ыраазы кыла албадым деп дайым өзүм өкүнүп келем. Азыр энеси барлар энесин сыйлоого, алардын каалоолорун аткарууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, азыр апам бар болсо бир эмес, бир нече жолу ажылык сапарга алып барууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Бирок менин апама, атама кылган кызматым деп, алардын атына көлөкө түшүрбөстөн эл алдында чыныгы эненин, атанын уулу деген наамга татып келем деп эсептейм. Энелер аман болсун, алар эч качан кайгырбасын. Балдары үчүн көз жашы акпасын. Бул жашоодон өтүп кеткен энелердин кабырын Аллахым нурга бөлөгөн болсун! Ар бир эне акырет күндөрүндө бейиштин төрүнөн орун алышын каалап кетем.

Каныбек ТОКТОСУН уулу, Жалал-Абад облустук соттун төрагасы,

Апам бар, беш бир туугандын төртүнчүсүмүн, үч эжем, бир карындашым бар.

Эр тага журтун тартат демекчи, көпчүлүк мүнөзүмдү апама окшоштурушат. Жакшы мүнөзүм болсо аны атам менен апамдан алсам керек. Апамдын жакшы сапаттары көп, алардын койгон максатка жете билүү,  жумушту толук жыйынтыктоого умтулуу ж.б.

25 жыл мурда деле жогорку окуу жайга тапшыруу кыйын эле, бир топ талап күчтүү болчу. Менин экзаменден ийгиликтүү өткөнүмдү көрүп, апам кубангандан эми мен максатыма жеттим, мындан ары бар же жок болсом деле өзүң окуп кетесиң деп чоң жүктү мойнума илген. Ошондо ата-энемдин ишенимин актай албай калбасам экен деп өтө коркчумун. Кудайга шүгүр, окуу жайды артыкчылык менен бүттүм.

Апам айылда баатыр эненин үй-бүлөсүндө өсүп чоңоюп, турмуш тиричиликке тың өсүптүр. Андыктан азырга чейин короолоп кой айдап, уй багып, жүздөп үндүк багат. Эмгек адамды бир гана туура жолго баштарын ата-энемден үйрөндүм. Бизди ак эмгекке, баарыбызды жогорку билим алгыла, илим бул ийгиликтин башаты деп тарбиялаган. Кыргыз элибизде бейиш энелердин таман алдында деп коёт. Кээ бирлер бул сөздү түзмө түз түшүнөт, менимче бул сүйлөмдө терең философиялык ой жатат. Апанын балага жашоо тартуулоосу, ага болгон мээрими, бала үчүн жанын берүүгө даярдыгы, кандай гана болбосун баласы ал үчүн эң жакын адамы. Мындай мамиле алланын буйругу болгондуктан апанын таман алды бейиш деп аталса керек. Азырынча эне сүтүн актаганга арзый турган нерсе жасай элекмин. Бирок баласынын жасаган ар бир кадамы, ийгилиги эне үчүн чексиз сыймык жана байлык деп коёт го. Бүркүт уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат дегендей, ата табиятында табып келүүчү болсо, эне бала багып өстүрүүчү, тарбиялоочу болот эмеспи. Андыктан баланын кандай адам болуп чоңоюусуна эненин салымы чоң.

Татыктуу эне бул туруктуу үй-бүлө жана дени сак, акыл эстүү бала. Билимдүү келечек ээлери туруктуу коомдун пайдубалы. Ошондуктан эненин коомдун жана мамлекеттин түптөлүүсүнө орду өтө чоң.

Кумарбек БОТОКАРАЕВ, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы директору:

-Апам Зыра Айсариева дүйнөдөн эрте көз жумду. Бул ааламдан өткөнүнө 23 жылдын жүзү болуп олтурат. Биз үй-бүлөдө 7 уул бир тууганбыз, мен 5-уулмун.

Ар бир адам үчүн өз энеси эч бир нерсеге теңдешсиз, улуу эмеспи. Мен үчүн да апам дүйнөдө ыйык, асыл адамым болчу. Апамдын мүнөзү жумшак, ишенчээк, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жан эле. Апам мага “А” тамгасын таанытып, 1-4-класстарда окуткан биринчи мугалимим да болгон. Үйдө да, мектепте да билим, тарбиячым болуп, жашоого мыкты багыт берген. Андыктан апамдын жакшы сапаттары менде да бар. Апам мени башка окуучуларга караганда көбүрөөк тартипке чакырып, катуу кармап, талапты көп койчу. Анткени башкаларга сабак болсун дечү окшойт. Класста аркадагы партага олтургузчу. Кызык окуялардын бири ошол окуучулук күндөрдө көк чыбык менен мени урганы калганда колунан чыбыкты алып сындырып качып кеткемин. Артымдан сөз менен урушуп кала берчү. Эч качан жаман сөз айткан эмес. Апам айылдагы эң алдыңкы мугалимдердин бири болгон. Негизи атам да, апам да мугалим болуп, биз интеллигенттин үй-бүлөсүндө өстүк. Биздин үй-бүлөдө кыз болбогондуктан апам бизге сыртта эркек балдардын жумушун, үй ичинде үй жумушун да аткартчу. Биз апабыз жумуштан чарчап келет деп жумуштарды бөлүштүрүп алчубуз. Малдарды жайгаштырып, малды саап, анын сүтүн тартып, нанга камыр жууруп, тамак жасап, идиш аяк жууп, үйлөрдү да жыйнап таптаза кармачубуз. Апам бизди тазалыкка, тактыкка, мээнеткечтикке тарбиялаган. Ата-энебиз баарыбызды жогорку билимдүү, ар кесиптин ээлери кылууга жетишишти. Бүгүнкү күндө алардын тилегин орундатып, баарыбыз элге кызмат кылып келе жатабыз.

Хадисте да биринчи кимди сыйлоо керек дегенде энени, экинчи кимди дегенде да энеңди, үчүнчү кимди сыйлоо керек дегенде да энени, анан атаны деп пайгамбарыбыз айткан. Аялзатынын бир толгоосу эркек кишинин өмүр бою кыйналганына да тең келбейт. Анткени эненин бир толгоосундагы сыздатып ооруганы адамдын 32 тишинин баары бирдей ооруп, бардык сөөктөрү сынып ооруганга барабар. Ошондуктан энелерге канчалык жакшылык кылсак да алардын толгоосун, ак сүтүн актай албайт экенбиз. Мен мектепти аяктагандан кийин аскер кызматын өтөп, анан жогорку окуу жайды окуп аяктап бир-эки жыл иштегенде эле апам ооруп, инсульт алып дүйнөдөн эрте кайтыш болду. Ошон үчүн мен апамдын “балам врач болот”- деген тилегин гана орундата алдым. Ал эми материалдык байлык же башка бир нерсе тартуулоого жетишпедим. Бул менин азыркы күнгө чейин жүрөгүмдөгү ооруткан нерсе. Апам мектептен келип бизге кечки тамакты берип уктатып, жууп-тарап, анан окуучулардын дептерлерин текшерип кайсы мезгилде уктачу билбейм. Эртең менен бизди мектепке жөнөтүүгө дасторкон үстүндө ыссык наны, чайы даяр эле. Мен бул күндөрдү көзүмө жаш алуу менен ар дайым эстейм.

Дамира АЛИМЖАНОВА, Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору:

– Апам Калинса Алимжанова 82 жашта. Апабызгы күч кубат берсин, карылыкка моюн сунбай дагы эле келин-кыздарынан шыпыргы талашып, аларга таалим-тарбия берип, төрдүн көркү болуп бактылуу өмүрдү сүрүүдө. Жети бир тууганбыз, 5 уул, 2 кыз. Жарык дүйнөгө мен бешинчи болуп төрөлгөм. Энеден акыл, атадан тарбия демекчи, мүнөздөрүмдүн көбү атамдыкы. Ал эми апамдан мага боорукердик, тактык сыпат мүнөз өтсө керек. Апам көп жыл соода тармагында иштеген, ал кезде жыгач счёт менен план отчётторду жасашчу, мени да жыгач счёт менен эсептешти ошол кезде эле үйрөткөн. Апабыз кадыр-барктуу, үлгүлүү баатыр эне, ардактуу жакындарыбызга апа, чоң эне, тайэне, эже. Биздин сыймыгыбыз. Жогоруда айткандай апамды көп тараптуу уникалдуу адам деп айта алам. Баарыбызды жогорку билимге жеткирип, чоң бир даражага ээ болушубуздун өзү сөзсүз түрдө ата-эненин чоң эмгек колдоосу деп билем. Эне –  бизге өмүр берип бактылуу балалык наристеден азыркы убакка чейин камкордук көрөт, намаздарында ар дайым бизге ак батасын тилейт. Эненин мээримин, берген ак-сүтүн акташ үчүн жети жолу Меккеге мойнунда алып барса да актай албаганыбыз акыйкат. Эне аты ыйык. Эне аял заты улуттун учугун улайт демекчи, алар Жер эненин огун да терметип турат. Апабызга кылган жакшылыктарыбызды эч убакта милдет катары карабашыбыз керек, аларга биз түбөлүк карыздарбыз. Андыктан ар дайыма көңүл буруп, сыйлап урматтообуз ошол жакшылык жасоо деп ойлойм.

Союзбек АБДУРАСУЛОВ, Жалал-Абад телерадио компаниясынын төрагасы:

– Ооба апам Суусар Абдурасулова, азыр 86 жашта, баатыр эне. Биз 11 бир тууганбыз, үй-бүлөдө тогузунчумун. Апамдын ар бир мүнөзү жана сапаттары мен үчүн ыйык жана баа жеткис. Апам тазалык менен тыкандыкты бекем сактаган адам, ошол сапаттарын мен көбүрөөк тарткам деп ойлойм. Апам учурунда мамлекет үчүн тынымсыз эмгектенип, ошол эле мезгилде бизди чоңойтуп, тарбиялоого да жетишип, ар бирибизге чыныгы энелик мээримин төккөн асыл зат аял. Көп болсок да ар бирибизге убакыт таап, жумуш менен үйдөгү түйшүктү айкалыштырып, түн уйкусун бөлүп, бизге эң жогорку даражада тарбия бере алды. Мага арнаган тарбиясы менен эне мээримин, айткан ар бир сөзүн жүрөгүмдө сактап, терең таазим кылуу менен жашап келем. Чынында энелерге кандай мактоо, кандай жылуу, улуу сөздөрдү арнасак да аздык кылат, андан да жогорку сый-урматка татыктуу. Бекеринен бейиш энелердин таманында деп айтылбаган. Энелер бар дүйнө жарык, адамзатынын жашоосу уланып келет, алар биз үчүн ыйык жана баа жеткис байлык. Туура жолдо жүрүп, таза жашап, коомго, башкаларга үлгү болуп, эл кызматына жарап, бактылуу өмүр сүрсөң – энеге эң маанилүүсү ошол болсо керек. Бекем, ынтымактуу, ыймандуу үй- бүлөдөн күчтүү жана таза коом түптөлөт. Тилекке каршы азыр дүйнөдө жүрөктүн үшүн алган жагымсыз, терс көрүнүштөр орун алып жатат. Алардан арылуу үчүн ата-эне тарбиясы биринчи орунда туруусу керек, ал эми эненин тарбиясына, мээримине муктаж болуп турган жаш урпактарыбыз арбын. Анын себеби баарыбызга белгилүү. Ошондуктан мындай глобалдуу маселелерден арылуу үчүн аялзатынын коомдогу орду зор. Алар өз ишмердүүлүгү, билими, ийгиликтери жана даанышмандыгы менен дүйнөнү сактап калат деген ишеним бар.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17