Аймак

ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА УУРДАГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА УУРДАГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

 1,740 Бардыгы /

Сузакта ири суммадагы акча каражатын карактаган кылмыштуу топ кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 31-май күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун өзүнө сырттан тааныш болгон 30 жаштардагы балдар “Биздин акчабызды алмаштырып береӊизчи, акчаны үйдөн алып беребиз” – деп алдап, Сузак районунун аймагына алып барышып, мойнуна бычак такап коркутушуп 2 700 000 (эки миллион жети жүз миң) сом акчасын алышып, “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаага отурушуп, белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Ресупбликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышкан. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары 1996-ж.т. А.Н., 1997-ж.т. М.А., 1999-ж.т. С.А., 2001-ж.т. К.А. жана Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 2001-ж.т. А.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17