Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
964 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан видеобайкоо тутумун ишке киргизүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо органдары заманбап технологияларды колдонуусу жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүк берет. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө санарип технологияларды киргизүү кылмыштарды өз убагында аныктоо, эскертүү, бөгөт коюу, […]
965 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан видеобайкоо тутумун ишке киргизүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо органдары заманбап технологияларды колдонуусу жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүк берет. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө санарип технологияларды киргизүү кылмыштарды өз убагында аныктоо, эскертүү, бөгөт коюу, […]
МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨНДӨРДҮ АНЫКТОО БОЮНЧА ВИДЕОКАМЕРАЛАР ОРНОТУЛУУДА
13.06.2023 / Автор anarkan_kg

966 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан видеобайкоо тутумун ишке киргизүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо органдары заманбап технологияларды колдонуусу жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүк берет. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө санарип технологияларды киргизүү кылмыштарды өз убагында аныктоо, эскертүү, бөгөт коюу, анын бетин ачуу, кылмышкерлерди жанга дайынсыз жоголгондорду издөө зарылчылыгынан келип чыккан.
Белгилеп кетүү керек, соттон жана тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү
аныктоо, анын ичинде кылмышкерлерди мамлекеттер аралдык издөөнү
уюштурууну өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугу
учурда өзгөчө мааниге ээ болууда.
Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдарга карата издөө иштерин
уюштуруу укук коргоо органдарынын ишинин маанилүү компоненттеринин бири
болуп саналат. Белгилей кетсек, жоопкерчиликтен качуунун эң оңой жолу
кылмышка шектүүлөрдүн коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кетүүсү болуп
саналат.
Адамдарды мамлекеттер аралык издөө – КМШга мүчө мамлекеттердин ички
иштер министрликтеринин эл аралык келишимдерге жана улуттук мыйзамдарга
ылайык кылмышкерлерди табуу жана андан ары камакка алууга же издөөдө
жүргөн адамдардын бардык категориялары жөнүндө маалымат берүүгө
багытталган ыкчам-иликтөө, издөө, маалыматтык-аналитикалык жана башка
иш-чараларынын комплекси.
2023-жылдын 2-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында КМШ
өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо
тутуму ишке кирди. Иш башталгандан бери жана 12-июнга карата адамдардын
жүзүн таануучу сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен КМШ
өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөгө алынган көптөгөн жарандар
аныкталган.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук
аппаратынын бир катар бөлүмдөрү – Маалыматтык технологиялар башкы
башкармалыгы, Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору,
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле башка кызматтары жана
бөлүмдөрү биргелешип иш алып барууда. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн
кылмышкерлердин маалыматтары жүзүн таануу тутумуна жүктөлдү. Россиянын
укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык
адам тууралуу маалымат берген.
Сегиз күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары КМШ
өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап,
жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган.
Ички иштер органдарына жеткирилген жарандар маалымат базалары менен
текшерилип, каттоого алынган. Чет мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын
жана Өзбекстандын жараны болгон 4 адам кармалды. Алардын арасында адам
өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине
өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө
жүргөндөр бар. Жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары, учурда тактоо
иштери жүрүп жатат. Алар КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган,
анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо,
опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге
атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер
аралык издөөгө алынган. Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда издөөгө
алынган.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.