Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУШТАШКАНДАР АРЫЗ-ДООМАТТАРЫ ЖОКТУГУН БИЛДИРГЕН

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУШТАШКАНДАР АРЫЗ-ДООМАТТАРЫ ЖОКТУГУН БИЛДИРГЕН

 621 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында мушташкан 5 жаран бири-бирине арыз-дооматтары жоктугун билдирген.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 8-август күнү саат 22:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБге маалымат келип түшкөн. Анда болжол менен саат 22:50 чамасында Жалал-Абад
шаарынын Спутник кичи шаарчасынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Омас» маркетинин алдында 5 жигит мушташып жаткандыгы айтылган. Аталган факты Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам тергөө
тобунун кызматкерлери барышып кароо жүргүзүшкөн.
Алдын ала текшерүү учурунда Базар-коргон районунун жашоочулары 18 жаштагы Б.Р. жана А. уулу К., 24 жаштагы Б.Р. Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичишаарчасындагы абактын имаратында куруучу болуп иштеп жатышкандыктан Спутник кичи шаарчасындагы Манас көчөсүндө жайгашкан «Омас» маркетине суусундук алууга барышкан учурда Спутник кичи шаарчасынын тургундары 18 жаштагы А.С. менен Н.А. менен урушуп,
мушташып кетишкен. Бул окуя боюнча милиция бөлүмүнө жеткирилген жигиттер бири-бирине арыз-дооматтары жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Аталган факты
боюнча А.С. жана Н.А. менен бирге болгон шериктерин тактоо боюнча
тиешелүү кызматтарга атайын тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери жүрүүдө. Окуя боюнча кошумча маалыматтар берилет. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17