Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КАЗАКСТАНДА 200ДӨЙ ТЕМИР ЖОЛЧУ МАЯНАНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ТАЛАБЫ МЕНЕН ИШ ТАШТАДЫ

КАЗАКСТАНДА 200ДӨЙ ТЕМИР ЖОЛЧУ МАЯНАНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ТАЛАБЫ МЕНЕН ИШ ТАШТАДЫ

 456 Бардыгы /

Чыгыш Казакстан облусунда Dosjan temir joly  ишканасынын 200дөн ашуун кызматкери маянаны 50 пайызга көтөрүүнү талап кылып, ай башынан бери ишке келбей жатышат.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жумушчулар өздөрү кабарлашты.

“Биздин кызматкерлердин төмөнкү эмгек акысы 180 000 теңге (болжол менен 400 доллар). Биз буга макул эмеспиз, 1-сентябрдан тарта жумушка чыкпайбыз. 200дөн ашык адамбыз, – деди темир жол башчысынын орун басары Куат Нурпейисов.

Жумушчулардын айтымында, кымбатчылык шартында алардын 180-200 миң теңге айлыгы эч нерсеге жетпей жатат. Ишкана жетекчилиги менен нааразы тарап жолугушуу өткөрүп, бирок бир пикирге келе алышкан жок.

“Астанадан жетекчилер келишти. Берип жүргөн убадалар да: келерки жылга чейин, 15 пайызга жогорулаганга чейин чыдап тургула деген сыяктуу сөздөр. Алар көп убада беришет, бирок иш жүзүндө эч нерсе аткарылбай жатат”, – деди Куат Нурпейисов.

Жумушчулардын айтымында, 1-сентябрда иш таштоо башталгандан бери “Шар – Усть-Каменогорск” багыты боюнча темир жол линиясы текшериле элек.

“Биздин жумушубуз – темир жолду, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө. Бул иштер бир нече күндөн бери аткарылбай келет. Бийлик буга көз жумуп жатат. Бул каттамда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер да жүрөт”, – деди нааразы болгон жумушчулардын бири.

Dosjan temir joly ишканасы 2005-жылы “Шар – Усть-Каменогорск” темир жол линиясын куруу жана эксплуатациялоо максатында түзүлгөн. Долбоордун максаты Чыгыш Казакстан аймагы аркылуу жүк ташууну оптималдаштыруу болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17