Аймак

ОШТО КОҢШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ ОПУЗАЛАП АКЧА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

ОШТО КОҢШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ ОПУЗАЛАП АКЧА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

 840 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында коңшу мамлекеттин 25 жаштагы жараны опузалап 60 миӊ сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

          Маалыматка караганда, шаардык милицияга 25 жаштагы жаран кайрылып, анда белгисиз аял намысына, жүрүм-турумуна шек келтирген сөздөр менен интернетке чыгарамын деп курулай доомат коюп телефон, же акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Ал аял эгерден «Айфон 14 про макс» үлгүсүндөгү телефонду алып берсе, аны интернетке чыгарбай тургандыгын дагы айткан экен. Ушул жылдын 9-сентябрында шектүү жаран тарабынан жабырлануучудан 60 миӊ сом акча алып жаткан учурда кармалды. Ал коншу мамлекеттин жараны, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1998-жылы туулган Ш.И. аттуу аял экендиги дагы аныкталды.  Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 11-сентябрда Ош шаардык соту тарабынан 2 ай абакта кармоо боюнча чечим дагы чыгарылды.

          Ошентип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Респаубликасынын Кылмыш Кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу)  менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17