Аймак

ОШ ШААРЫНДА КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫГЫП КЕТКЕН МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР БУЗУЛУП ЖАТАТ

ОШ ШААРЫНДА КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫГЫП КЕТКЕН МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР БУЗУЛУП ЖАТАТ

 882 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар бузулууда. Бул туурасында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди.

          Мааыматка караганда, Ош шаарындагы Эргеш Алиев көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери дээрлик башталды. Бул жараянын алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жол боюнда жайлынышкан жана дагы жолго чейин чыгып кеткен жеке турак үйлөрдүн онго жакын мыйзамсыз тосмолору, ошондой эле чарбалык курулуштары сүрдүрүлүп ташталды.

          Ошентип, Ош шаарындагы кызыл сызыктан сырткары чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу жумуштары шаардын бардык аймактарында мыдан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17