Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА СОЙКУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН КЫЗДАР АНЫКТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА СОЙКУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН КЫЗДАР АНЫКТАЛДЫ

 897 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 3 кыз аныкталды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 27-декабрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде социалдык тармактар аркылуу интимдик кызмат көрсөтөбүз деп жарнама кылып, сойкулук менен алектенип жаткан кыздар тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, кечиктирилгис түрдө териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 3 тургуну Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип жүргөндүгү такталган. Алар Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну 1982-ж.т. С.А., Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-ж.т. Ж.Д. жана Багыш айыл аймагынын тургуну 1998-ж.т. К.Ж. экендиги аныкталып, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17