Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨР КАРМАЛДЫ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨР КАРМАЛДЫ

 780 Бардыгы /

          Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөрү кармалгандыгын маалымдады. Ошентип, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Байзак-Сай жергесинде MERCEDES-BENZ Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотуп тинтишкенде,  анда жалпы салмагы 900 кило 18 кап күрүч табылды.

          Ошентип, 1999-жылы туулган К.А. жана  2001-жылы туулган С.Ф. аттуу Кыргызстандын жарандары бул азык-түлүктү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө алып кирүүгө аракет кылышкан. Булардын жанында алып бараткан жүккө тийиштүү документтер таптакыр болгон эмес! Ушул эле күнү Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда чек арачылар УКМКнын аймактык тарамынын кызматкерлери менен чогуу-чараан аракетинин аркасында мамлекеттик чек арадан жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын дагы бир жаранын кармашты. OPEL ZAFIRA үлгүсүндөгү унааны текшерүү маалында 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылды. Ар бир кутунун ичинде 24 банка алкоголсуз суусундуктары жайгаштырылган. 1986-жылы туулган Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну тийиштүү документтери жок эле жүктү Кыргызстандан коңшулаш Тажикстанга алып чыгууга аракет жасаган.

          Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 000 сомдон ашат. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалышкан жарандар жана аткезчилик жүктөрү мындан ары мыйзам чегинде териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17