Аймак

УКМК КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ ТОННЕЛЬ ТАБЫЛГАНДЫГЫН ШАРДАНА КЫЛДЫ

УКМК КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ ТОННЕЛЬ ТАБЫЛГАНДЫГЫН ШАРДАНА КЫЛДЫ

 690 Бардыгы /

          Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитеттин (УКМКнын) басма сөз кызматы 20-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйлөрдүн биринен аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылгандыгын билдирди.

          Атайын кызматтан маалыматына караганда, бул тоннель адамдардын өтүшүнө дагы ылайыкташтырылып салынган. Жер астындагы жашыруун жол Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган. Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди түзөт. Кыргызстандын чек арасына чейинки узундугу 50 метр, бийиктиги 1 метр 70 см болот. Аткезчилик жолду уюштурган деген шек менен 38 жаштагы адам кармалды. УКМК тоннелди уюштурууга катыштыгы бар башка дагы адамдарды, Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн кишилерди аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткан чагы.

          Баса, 2023-жылдын май айында Өзбекстанда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын Өзбекстан жараны соттолушкан. Ал эми буг дейре Ош облусундагы дагы ушундай эле тоннель табылган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17