Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
346 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №5-тергөө абагынын, ошондой эле, улгайган адамдар үчүн жатак интернатта жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти. Мониторингдин жыйынтыгына ылайык Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга жабык мекемелердин жашоо-шарттарын жакшыртууга, ошондой эле интернат үйлөрдөгү улгайган адамдардын укуктарын эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык сактоону камсыздоого чакырган расмий документтерди […]
347 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №5-тергөө абагынын, ошондой эле, улгайган адамдар үчүн жатак интернатта жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти. Мониторингдин жыйынтыгына ылайык Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга жабык мекемелердин жашоо-шарттарын жакшыртууга, ошондой эле интернат үйлөрдөгү улгайган адамдардын укуктарын эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык сактоону камсыздоого чакырган расмий документтерди […]
АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ ОШТОГУ №5-ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА КАРМАЛГАНДАРДЫН УКУКТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗДҮ
20.03.2024 / Автор anarkan_kg348 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №5-тергөө абагынын, ошондой эле, улгайган адамдар үчүн жатак интернатта жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Мониторингдин жыйынтыгына ылайык Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга жабык мекемелердин жашоо-шарттарын жакшыртууга, ошондой эле интернат үйлөрдөгү улгайган адамдардын укуктарын эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык сактоону камсыздоого чакырган расмий документтерди жөнөттү. Мониторингди акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев жана Ош облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жүргүзүштү. Тергөө абагына барган учурда 291 адам кармалып турган. Булардын арасынан 12си аял. Ошондой эле, өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолгон жаран бар. Тергөө абагы 511 адамга эсептелген. Мониториг жүргүзгөн учурда камералар ным тартып, эскирип калгандыгы аныкталды. Бирок, кармалып тургандар кармоо шарттарына арызданышкан эмес.
Баса, мониторинг маалында кармалып тургандардын арасынын бешөө укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшкөн. Алар укук коргоо жана тергөө органдары тарабынан укуктарынын бузулушуна даттанышкан. Камакка алынгандардын бири анын иши боюнча сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы болду. Дагы бирөө жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранды. Булардан башка камалгандардын бири, 40 жаштагы аял өз укугун коргоону суранып арызданды. Ал Сириядан үч жаш баласы менен 2023-жылдын октябрында Өкмөттүн программасынын негизинде кайтарылгандыгын айтып берген. Анын айтымында, ал реабилитациялык процедуралардан толук өткөн. Ошого карабастан укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылы марттын башында кармалган. 7-мартта Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алган.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Ош облусуна караштуу Кара-суу райоунун тургуну Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 375-беренеси «Жалданмачылык» (1997-ж. ред.) боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалган. Аялдын кайрылуусун акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды. Мындан тышкары Жаныбек Жоробаев Ош шаарындагы карылар үйүнө дагы баш багып, алардын жашоо-шарты менен жеринде таанышты. Мониторинг учурунда интернатта жалпысынан 28 улгайган адам жайланышкан. Булардын арасынан – 15и аял, 13ү эркек. Улгайган адамдар бир бөлмөдө төрттөн жашап жатышкандыгы аныкталды. Бирок, баары тең азыркы жашаган шарттарына нааразы эмес!
Ушуга байланыштуу Акыйкатчынын орун басары интернаттын жетекчилигин карылардын укугун камсыздоого чакырды. Интернаттын жетекчилгинин маалыматы боюнча жаңы имаратка көчүү пландаштырылып жатат. Мындагы жашоочулардын бири катчынын орун басарынан 1990-1997-жылдар аралыгында иштеген жумушунан айлык акы тууралуу маалым кат алууга жардам берүүнү суранган. Анын өтүнүчү көзөмөлгө алынды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШМУда БИЛИМ САПАТЫ ТЕКШЕРИЛИП, АККРЕДИТАЦИЯЛОО ЖАРАЯНЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНА МЫНДАН АРЫ ЗЫМ ТАРТЫЛАТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.