Аймак

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ МАСЕЛЕСИ БИРОТОЛО ЧЕЧИЛГЕНДИГИН ШАРДАНА КЫЛДЫ

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ МАСЕЛЕСИ БИРОТОЛО ЧЕЧИЛГЕНДИГИН ШАРДАНА КЫЛДЫ

 480 Бардыгы /

          Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына жасаган расмий сапарынын учурунда бул калаада таза суу көйгөйү дэээрлик чечилгендигин шардана кылды.

  • Азыр Ош шаарынын аянты дээрлик 2,5 эсеге кеңейди. Ал эми 

калкынын саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн биротоло чечип таштадык. Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы  Акылбек Жапаров.

          Баса, былтыр 31-августта Ош шаарын таза суу менен камсыз кыла турган төрт резервуар пайдаланууга тапшырылган эле. Ар бир резервуарга 6 миң куб метр суу бата тургандыгы жана анда жарандар үчүн ичилүүчү суу топтолоору дагы ачык айтылган. Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ого бетер ылайланып, суу берүү кээде эки-үч күнгө чейин токтотулган учурлар арбын катталууда.  Ондогон жылдар бою чечилбей келген бул көйгөй резервуар пайдаланууга тапшырылгандан кийин толук кандуу жайгарылып олтурат. 

          Баса, административдик-аймактык реформага ылайык, Ош шаарын курчаган Кара-Суу районунун бир нече айыл өкмөттөрү калаанын катарына кошулган. Расмий эсепте калктын саны ушул тапта дээрлик 450 миңден ашты.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17