Аймак

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БОНЕЦКИЙ ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ОШТОГУ ФИЛИАЛЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БОНЕЦКИЙ ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ОШТОГУ ФИЛИАЛЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 357 Бардыгы /

          Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Бонецкий лабораториясынын Ош шаарындагы өндүрүш филиалынын ишмердүүлүгү менен дагы жеринде таанышты.

          Аталган лабораториялык диагностика кызматтары Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары үчүн жакын жана жеткиликтүү болушу үчүн компания өзүнүн жаңы өндүрүштүк лабораториясын Ош шаарында дагы ачкан эле.

          Белгилей кетчү жагдай: Бонецкий лабораториясы менен Саламаттык сактоо министрлиги калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн аракеттерин бириктирген. Биргелешкен Меморандумга ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелерден атайын жолдомо алган бардык бейтаптар лабораторияда 50 пайызг а дейре арзандатуу менен ар тараптуу анализдерин ыкчам  тапшыра алышат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17