Аймак

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ӨЗГӨН ЖЕРГЕСИНДЕ КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАНА ПЛАНГА КИРГЕН БИР КАТАР ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ӨЗГӨН ЖЕРГЕСИНДЕ КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАНА ПЛАНГА КИРГЕН БИР КАТАР ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

 459 Бардыгы /

          Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан жана планга кирген бир катар долбоорлордун жүрүшү менен дагы жеринде гана таанышты. 

          Адегенде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа жолунун курулушу менен таанышты. Белгилей кетчү жагдай: аталган айланма жол шаардын борбору аркылуу өткөн негизги Бишкек-Ош жолуна альтернатива болот. Узундугу 13,491 чакырымды түзгөн унаа жолунун курулуш иши 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырыллган. Иштин жүрүшү менен жеринде таанышкан Акылбек Жапаров жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Буга улай Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы аркылуу футболду өнүктүрүү максатында курула турган Өзгөн шарынын борбордук стадионунун долбоору дагы тааныштырылды. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү, шаардын тышкы келбетин жакшыртуу максатында Н.Азнабакиев атындагы Тынчтык эс алуу паркы жана Орто-Коргон борбордук стадиону заманбап реконструкцияланат.

          Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагына «Өзгөн мал базары» муниципалдык ишканасын куруу долбоору менен дагы таанышты. Жалпы аянты 9 гектарды ээлеген мал базардын курулушу менен жарандар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле, жугуштуу ылаңдарга күмөндөлгөн мал жандыктарды кармоочу жайы, дезинфекциялоочу каражаттарды сактоочу жайы жана ветеринардык бөлмөлөр дагы болот.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17