Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,661 Бардыгы / Швейцария өкмөтү Украинадагы согушту токтотуунун жолдорун издөө үчүн июнь айынын ортосунда эки күндүк жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция уюштурууда. Украина президенти Владимир Зеленский “Тынчтык саммити” деп аталган жыйынды Орусияны катыштырбай өткөрүүнү суранды. Швейцария бийлиги уюштуруу иштерин өзүнө алууга даяр экенин январь айында эле жарыялаган. Конференциянын убактысы жана орду шаршемби күнү жарыяланды. Швейцария өкмөтүнүн […]
3,662 Бардыгы / Швейцария өкмөтү Украинадагы согушту токтотуунун жолдорун издөө үчүн июнь айынын ортосунда эки күндүк жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция уюштурууда. Украина президенти Владимир Зеленский “Тынчтык саммити” деп аталган жыйынды Орусияны катыштырбай өткөрүүнү суранды. Швейцария бийлиги уюштуруу иштерин өзүнө алууга даяр экенин январь айында эле жарыялаган. Конференциянын убактысы жана орду шаршемби күнү жарыяланды. Швейцария өкмөтүнүн […]
ШВЕЙЦАРИЯДА УКРАИНА БОЮНЧА ТЫНЧТЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ИЮНДА ӨТӨТ
11.04.2024 / Автор anarkan_kg3,663 Бардыгы /
Швейцария өкмөтү Украинадагы согушту токтотуунун жолдорун издөө үчүн июнь айынын ортосунда эки күндүк жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция уюштурууда.
Украина президенти Владимир Зеленский “Тынчтык саммити” деп аталган жыйынды Орусияны катыштырбай өткөрүүнү суранды. Швейцария бийлиги уюштуруу иштерин өзүнө алууга даяр экенин январь айында эле жарыялаган. Конференциянын убактысы жана орду шаршемби күнү жарыяланды.
Швейцария өкмөтүнүн маалыматы боюнча, конференция Люцерн шаарына жакын Нидвальден кантонундагы Бургенсток курортунда 15 жана 16-июнда болот. Бул тууралуу Blick басылмасы жазды.
Билдирүүдө айтылгандай, азыр конференцияга эл аралык жетиштүү колдоо бар жана бул тынчтык жараянынын баштоого жол ачышы керек.
Ошол эле учурда Москва Швейцариядагы сүйлөшүүлөргө Орусия чакырылган күндө да катышпай турганын бир нече жолу билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну Швейцария Москвага каршы санкцияларга кошулгандан кийин бейтарап ортомчу болбой калганы менен түшүндүрдү.
Украина да Орусиянын Тынчтык саммитине чакыруусуна каршы чыкты. Киев Орусиядан Украинанын эл аралык коомчулук тааныган бүткүл аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылууда.
Швейцария бийлигинин билдирүүсүндө сүйлөшүүлөргө кайсы өлкөлөр катышары жана алар кандай деңгээлде өкүл болору айтылган эмес.
Буга чейин тынчтык формуласы деп аталган бир нече жолугушуулар болуп, ага дүйнөнүн ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Швейцариядагы жолугушууга Кытайдын жана жаңжалдын эки тарабын тең колдобогон башка мамлекеттердин катышуусун камсыз кылуу мүмкүнбү же жокпу азырынча белгисиз.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
11.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
-
11.08.2026 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОНДО 4 ГЕКТАР ЖЕР МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
24.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА КИРГИЗИЛГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНАТ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.