Аймак

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

 177 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 20-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Кыргыз Республикасындагы алгачкы VAR – калыстарга видео жардам системасынын тестти орун алды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

аталган системанын тестирлөөсү «Барселона» футбол академиясынын жана «Мурас-Юнайтед» жаштар U-16 командалардын оюнунда орун алды.

Тестирлөө Азия футбол конфедерациясынын VAR боюнча Өзбекстандык адиси Саидов Жахонгир, Кыргыз футбол биримдигинин калыстар бөлүмүнүн өкүлдөрү Спартак Даниленко жана Скопинцев Артемдун жетекчилиги алдында өттү. Аталган адистердин айтымында тестирлөө ийгиликтүү болду.

Эскерте кетсек, расмий түрдө бул система Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жаштар чемпионатында колдонулат. Эл аралык турнир 5-13-июль күндөрү Жалал-Абаддын Курманбек стадионунда алты өлкөнүн курамалардын катышуусунда орун алат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17