Аймак

НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ

НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ

 306 Бардыгы /

Баса, үстүбүздөгү жылдын 20-майынын кечинде, саат 21:50 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунун Жийде айылында катуу сел жүрүп, Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунун болжол менен 55-чакырымын тегиз суу каптап, автоунаа жолу убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ошентип, окуя болгон жерге Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жетип барып, райондук жол тейлөөчү ишкананын грейдер жана жүктөгүч унаалары жолду тазалоого тартылды. Ал эми 17-июндун кечинде жүргөн селден улам Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында кооптуу абалга кептелген 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланган. Кийин алар үйлөрүнө кайтарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган эки айылда жалпы жонунан 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык обьекттин анын ичинен 5 турак жайдын ичине сел суусу киргендигин билдирген. 1 турак үй авариялык абалга кептелген. Кыргызстанда быйылкы жаз өтө жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда тынбай сел жүрүп, дарыялар жана суулар ташкындады. Селден улам апрелде Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими дагы киргизилген.

Кыргызстанда сел коркунучу үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосуна дейре сактала тургандыгын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ушул жылдын 15-майында Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17