Аймак

БАТКЕН РАЙОНУНДА МӨМӨ-ЖЕМИШТИ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЭКИ ЦЕХ КУРУЛУУДА

БАТКЕН РАЙОНУНДА МӨМӨ-ЖЕМИШТИ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЭКИ ЦЕХ КУРУЛУУДА

 276 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Бул туурасында Президенттин аймактагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган ишкана пайдаланууга тапшырылса, күн сайын  8 тоннага чейин мөмө-жемишти кайра иштетип, кургатып, андан ары таңгактоо мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муниципалдык ишкананын курулушу, аймакта өндүрүлгөн өрүк жана алманы кайра иштетүү менен жергиликтүү багбандарга заманбап шарт жаратуу, аймакты дотациядан чыгаруу максатын дагы көздөйт. Аталган ишкананы курууга Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 миллион сомдун эсебинен 22 миллион сом ажыратылган. Анын курулушун быйыл эле аяктоо пландалууда жана мында 10 адамга жумуш орду дагы түзүлөт.

Ошондой эле Баткен районунун Дара айыл өкмөтүндө дагы муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. 500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 миллион сом каралган. Өнөктөш катары KOIKA уюму 10 миллион сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн. Бул ишкананын дагы курулушун быйыл бүткөрүп, жыл соңуна чейин эки муздаткычту теё ишке киргизүү пландаштырылууда.

Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы дыйкан чарба, айыл чарба кооперативдер дин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми муздаткычтуу кампа Дара айыл өкмөтүндө өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган «ак өрүк» сортун жана кулпунайды сактоого зор өбөлгө жаратат деп эсептешет адистер.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17