Аймак

НООКАТТАГЫ СЕЛДЕН КАЗА ТАПКАНДАРДЫН АРАСЫНДА ЭКИ КАЗАКСТАНДЫК БАЛА БАР

НООКАТТАГЫ СЕЛДЕН КАЗА ТАПКАНДАРДЫН АРАСЫНДА ЭКИ КАЗАКСТАНДЫК БАЛА БАР

 414 Бардыгы /

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын Ноокат районундагы селден каза тапкандардын арасында эки казакстандык бала бар экендигин билдирди. Бул туурасында аталган мамлекеттик мекеменин сайтында шарданы кылынды.

Маалыматта дагы эки казакстандык жаран катуу изделип жаткандыгы айтылат. Эки баланын сөөгүн Казакстанга тик учак менен алып кетүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Ош облусунун Ноокат районунда ушул дылдын 28-июнундагы селден сегиз киши каза тапты. Жума күнү кечке маал жүргөн табият кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300дөй киши коопсуз жерге чыгарылды. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экендигин улам эскертип жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17