Аймак

АРАВАН РАЙОНДУК СУУ ЧАРБАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫ ЗАМАНБАП БАССЕЙНГЕ МУКТАЖ!

АРАВАН РАЙОНДУК СУУ ЧАРБАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫ ЗАМАНБАП БАССЕЙНГЕ МУКТАЖ!

 399 Бардыгы /

          Ош облусунун Араван районунда ушул тапта сугат сезону абдан эле кызыган маалы. Андыктан өрөөндүн дыйкандарын Араван райондук суу чарбасы башкармалыгы сугат суу менен үзгүлтүксүз гана камсыздап келатат. Бирок, аймак олуттуу көйгөйлөрдөн дагыле кур эмес.

          Хаятилла МАТКАРИМОВ, Араван районундагы “Обу-хает” суу пайдалануучулар ассосиациясынын (СПАнын) төрагасы:

Мен адегенде ишимди мураптыктан эле баштаганмын. Кийинчерээк инженер-гидротехник болуп дагы эмгектендим. Ал эми 2016-жылдан тартып “Обу хает” суу пайдалануучулар ассосиациясын негиздеп, аны үзгүлтүксүз гана жетектеп келатамын. Ушул тапта биз 1400 гектар аянтты сугат суу менен тейлейбиз. Ошентип, 3318 миң м3 суу керектейбиз. Суу тартыштыгына карабастан, Араван райондук суу чарба башкармалыгы бизге 4515 миң м3 сууну такай берип жаткан чагы. Демек, быйылкы түшүмүбүз дагы мол болот деген терең ишеничтемин!

          Ибрахим БАЙКАРИМОВ, Араван райондук суу чарбасы башкармалыгынын суу пайдалануучулар бөлүмүнүн башчысы:

Жашырып не. Дал ушул тапта биз чоң кризисти гана баштан кечирип жатабыз.Бизге Араван-Сай дарыясынан19 773 миң м3 суу куюлат. А факты боюнча 20 845 м3 суу агызылып, план дээрлик 105 пайызга аткарылды. Араван-Ак-Буура каналынан 5600 м3 суу агызылып, план 76 пайызды чендеди. Өзбекстан менен чектеш Керкидон каналынан 4514 ми    м3 суу агызылып, план 80 пайызды зорго чапчыды. Ал эми Түштүк Фергана каналынан  (ТФК) 6965 миң метр м3 суу куюлуп,  план дэээрлик 71 пайызды зорго чендеди. Ошондуктан, Араванда БСР (бассейн суточного реагирования) куруу – бул мезгилдин өктөм талабы. Ошондо гана коңшулаш Өзбекстанга суу көз карандылыгынан биз биротоло кутулат элек. Бул өңүттө биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине, Кыргыз Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке деле расмий түрдө кат менен кайрылганбыз. Эгерде президентибиз Садыр Жапаров ушул маселени жайгарууга өзү түздөн-түз киришсе, анда куп гана сообубузга калмак. Ошондой эле башыбызды далай ооруткан бул маселеден биржаңсыл гана кутулат элек…

          Мунасидин АСКАРОВ, Араван райондук суу чарбасы башкармалыгынын жетекчиси:

– Районубуз боюнча 20 769 гектар сугат жердин 12 203 гектар эгин аянтын Араван райондук суу чарбасы башкармалыгы милдеттүү түрдө тейлейт. Кардарларыбызды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылуу максатында районубузда 11 суу пайдалануучулар ассосациясы (СПА) менен 129 493 миң метр3 куб сууга, же 3 миллион 382 480 сомдук келишим түзгөнбүз. Ушул тапта бул убада 91 пайызга гана аткарылды. Бирок, Керме-Тоо Айыл Өкмөтүнө караштуу “Исан”, Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү “Асанбай”, Достук айыл өкмөтүндөгү “Сохил”. С. Юсупова атындагы Айыл Өкмөтүнө караштуу “Тебат”, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү “Түрк-Ота” СПАлары суу менен камсыздоо пландарын жеткилең аткарышкан жок! Маселен, “Исан” СПАсы ички чарбалык каналарын акыр-чикирден дегеле тазалаган эмес! Анан кашайып аймакта мураптар дагы жетишсиз! Араван-Сайга 1266 миң метр3 суу жүйөөсүз агызылган. Бирок, жооптуу кишилер “1535 миң м3 суу берилди!” деп кадимкидей коркпостон кол коюшкан. Тилекке каршы, ортодон жиксиз жоголгон 1 981 миң м3 сууну эч кимиси моюндабай жатпайбы. Мунун акчасын айтпай эле коеюн. Жүрөк түшөт! Мындай теңирден тескери көрүнүш дагыле улантылып жаткан маалы. Адиси жок кашайган СПАлар, албетте, толтура. Түрк-Ота СПАсындагы Найман башкы каналын жыл сайын сел агызып кетет. Андыктан, бул өңүттө биздин дагы айлабыз таптакыр куруду.

          Ошентип, Ош облусундагы эң чоң Аймактын дыйкандарын сугат суу менен такай камсыз этип келаткан Араван райондук суу чарбасы башкармалыгында ушул тапта 72 адис эмгектенет. Жетекчиси Мунасидин АСКАРОВ – жогорку билимдүү гидротехник. Айтмакчы, булар жыл сайын ЖОЖдорго атайын өтүнүч катын дагы жөнөтүшөт. Ага жараша жапжаш адистер (гидротехниктер) келишет. Тилекке каршы, маянасынын өтө эле аздыгына алар чыдашпай, бир-эки ай иштеп эле кетип калышууда. Демек, суу чарба кызматкерлеринин маянасын заман талабына жараша бачым көтөрүү маселеси дагыле күн тартибинде өтө курч бойдон турат…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17