Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
298 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ушул жылдын 26-апрелинде соттун чечимин негиз кылып, Жогорку Кеңеш депутаты Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун […]
299 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ушул жылдын 26-апрелинде соттун чечимин негиз кылып, Жогорку Кеңеш депутаты Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун […]
СОТ АДАХАН МАДУМАРОВДУН МАНДАТЫ БОЮНЧА АРЫЗЫН КАНААТАНДЫРГАН ЖОК
08.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна

300 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ушул жылдын 26-апрелинде соттун чечимин негиз кылып, Жогорку Кеңеш депутаты Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна даттанган. Административдик сот дагы 20-майда ал арызды дээрлик каааттандырган эмес!
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыгарылган. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон. Ал эми 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага карата жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес. Адахан Мадумаров «Кылмыш-Жаза процесуалдык Кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болоорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алгандыгын» айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убактысы бар экендигин дагы билдирген. Ушул тапта анын өкүм боюнча апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан чагы.
Баса, Адахан Мадумаровго бир мезгилде эки кылмыш иши козголуп, бирок, алар бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси – Кыргыз-Тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага «Мамлекеттик чыккынчылык» деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралгандыгын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экендигин айтып келет. Адахан Мадумаров бул кылмыш иши адегенде «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен тергелип, ал эми өкүм чыгаардын алдында ал «Бийликтен аша чабуу» беренесине алмашкандыгын билдирген. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес. Экинчиси – Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергендигин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен айып тагылган. Бул ишке байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге дагы айып коюлган.
Баса, Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды таптакыр четке кагып, соттун чечимин «Жапайычылык» деп гана баалаган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор Акбермет Орозалиевна
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
24.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АРСТАНБАП-АТА: СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТЫН 60%ТАЗАЛАНДЫ
-
31.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЭЛ АРАЛЫК БАҢГИ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ 15 КГ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.