Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКИ НАРИСТЕНИ ТОПУРАК БАСЫП, КАЗА БОЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКИ НАРИСТЕНИ ТОПУРАК БАСЫП, КАЗА БОЛДУ

 159 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында 4 жана 2 жаштагы эки наристени жар басып калып, экөө тең ооруканага жетпей чарчап калды. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 8-июлда күңдүз Дача аймагында орун алган. Анда балдар үйүнүн жанындагы жардын түбүндө ойноп жатышкан учурда жар көчүп, балдарды топурак басып калган. 

Факт боюнча милицияга жергиликтүү тургундар кабарлап, жар боюнда ойноп жаткан балдарды топурак басып калганын билдирген.

Натыйжада жергиликтүүлөр куткаруучулар келгенге чейин бадарды алып чыгып, тилекке каршы балдар ооруканага жетпей үзүлгөн. Милиция сотко чейинки териштирүү иши башталганын маалымдады.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17