Аймак

ОШ ОБЛУСУНДА 260 МИЛИОН ДОЛЛАРГА ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЧЫГАРГАН ЗАВОД КУРУЛАТ

ОШ ОБЛУСУНДА 260 МИЛИОН ДОЛЛАРГА ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЧЫГАРГАН ЗАВОД КУРУЛАТ

 201 Бардыгы /

Ош облусунун аймагына 260 миллион долларга жер семирткич чыгарган завод курулат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.Маалыматка караганда, Кытайдын Чжэндин шаарында Ош облусуна жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушуна жабдууларды жөнөтүү аземи өткөрүлдү.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Hebei Baidujia Fertilizer Co., Ltd. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу менен башталган жер семирткич заводун куруу долбоору Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө гана багытталган.

Завод дыйкандарды заманбап жер семирткичтер менен камсыз кылып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардамдашат.

Аталган салтанатта сөз сүйлөгөн Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев завод өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүдө, аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү элемент жана инвестиция болоорун баса белгиледи.

Айтмакчы, аталган заводдун жалпы баасы 260 миллион долларды түзүп, завод ишке кирсе, 1 миңден 3 миңге чейин жумуш орундары түзүлөт. Айрыкча заводго жакын жайланышкан айыл аймактарда 70-80 пайызы жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлук жаралат.

Аталган ишкана негизинен аммафос жер семирткичин чыгарат жана айыл чарба техникаларын белендейт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17