Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,156 Бардыгы / АКШ өкмөтү каржылаган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2021-жылдан бери 42 өнөктөш муниципалитетте 290 миң адамдын жашоосун оңдогонго жардамдашты. Бул демилгенин алкагында жаңыланган жана жаңы киргизилген 95 кызмат көрсөтүү ишке ашырылды. Булардын арасында таза суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу өңдүү негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн баштап, балдар үчүн англис тили, музыка ийримдери […]
1,157 Бардыгы / АКШ өкмөтү каржылаган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2021-жылдан бери 42 өнөктөш муниципалитетте 290 миң адамдын жашоосун оңдогонго жардамдашты. Бул демилгенин алкагында жаңыланган жана жаңы киргизилген 95 кызмат көрсөтүү ишке ашырылды. Булардын арасында таза суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу өңдүү негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн баштап, балдар үчүн англис тили, музыка ийримдери […]
АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУ АЯЛДАРДЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ДЕМИЛГЕЧИЛЕРИ СЫҢАРЫ СЫПАТТАДЫ
12.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна1,158 Бардыгы /
АКШ өкмөтү каржылаган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2021-жылдан бери 42 өнөктөш муниципалитетте 290 миң адамдын жашоосун оңдогонго жардамдашты. Бул демилгенин алкагында жаңыланган жана жаңы киргизилген 95 кызмат көрсөтүү ишке ашырылды.
Булардын арасында таза суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу өңдүү негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн баштап, балдар үчүн англис тили, музыка ийримдери жана спорттук секциялар сыяктуу кошумча класстан тышкаркы иш-чаралар дагы бар.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) каржылаган долбоор жыл сайын өтүп келаткан ири иш-чаралардын бирин – Аймактардын Форумун өткөрүүгө көмөктөштү. Аталган Форум жеринде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу аркылуу айылдардагы жана шаарлардагы жашоонун сапатын ого бетер жогорулатуу боюнча пикир алмашууга багытталган платформага дагы айланды.
Быйылкы Форум аялдардын өз жамааттарында позитивдүү өзгөрүүлөрдү жайылтуудагы өзөктүк ролуна өзгөчө басым жасады. Форумга Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынан мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 150дөн ашык өкүлү катышышты. Ар кайсы айылдык аймактардан келишкен лидер айымдар жергиликтүү Кеңештердин депутаттары, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидерлери сыңары өз тажрыйбалары менен дагы бөлүшүштү.
Алар жергиликтүү мыйзамдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга кандайча жигердүү катышкандыгы жөнүндө кенен-чонон айтып дагы беришти. Лидер аялдар мыкты жыйынтыктарга жамааттарды артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу жараянынан байм-бай тартып, кайтарым байланышты түзүү аркылуу жетише алышты.
Кыздарыңызды, эже-карындаштарыңызды, жубайыңызды жана энелериңизди саясий турмушка, чечим кабыл алууга катышуу ниетин сөзсүз колдоп бериңиз! Башкаруу органдарында шайлануучу кызматка талапкерлигин көрсөтүүнү чечкен аялдарды дагы кубаттоону унутпаңыздар? Анткени, аялдар, бүгүн Аймактардын Форумунда өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жаткан лидер аялдар менен таанышып, эч тайманбастан алардын жолун жолдогула! – деди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директору Кайя Адамс айым жашоочулардын бакубатчылыгын жакшыртуу үчүн жарандык коом менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:
– Бүгүн Форумда лидерлик жөнүндө чыныгы окуяларды айтып берүү менен биз аялдардын жетишкендиктерин ого бетер даңазалап жатабыз. Лидер аялдар өз жамааттарын инновациялык идеялар жана уникалдуу мүмкүнчүлүктөр аркылуу өзгөртүү менен туруктуулукту, көрөгөчтүктү жана боорукердикти көрсөтүшүп жатышат. 2021-жылдан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында 900дөн ашык муниципалдык кызматчы жана жергиликтүү Кеңештердин депутаттары окуудан өтүштү. Бул окуулар алардын кызмат көрсөтүүнү пландаштыруу, уюштуруу жана каржылоо көндүмдөрүн жогорулатты, ошондой эле жарандарды башкарууга тартууга дагы такай көмөктөштү.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата МЕНИН АТАМ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg 638 МЛН. СОМДУК СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.