Аймак

ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРГА МЫНДАН АРЫ ДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КАМОРДУК ОГО БЕТЕР КҮЧӨТҮЛӨТ

ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРГА МЫНДАН АРЫ ДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КАМОРДУК ОГО БЕТЕР КҮЧӨТҮЛӨТ

 180 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Ооганстандын Кичи жана Чоң Памир өрөөндөрүнөн түпкү Мекенине көчүрүлгөн кыргыздарга 82 миллион сом ажыратылган. Мынча каражат тамак-аш азыктарын, кийим-кечелерди, дары-дармектерди жана турмуш-тиричилик буюмдарын сатып алууга сарпталууда. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнө жайгаштырылган памирлик кыргыздарга республикалык бюджеттен 2 миллион сом бөлүнгөн.

Буга улай алардын башпаане – турак жай куруусуна дагы республикалык бюджеттен дээрлик 80 миллион сом ажыратылды. Мунун баары тең ээлеринин колуна таратылган.

Акыркы кезде президент Садыр Жапаровдун жеке демилгесине ылайык этникалык кыргызарды Жер шарынын бардык булуң-бурчунан түпкү Мекенине – Кыргызстанга тегиз көчүрүү жараяны ыраса активдештирилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17