Аймак

ОШТО СЕЛДЕН ТУРГУНДАРДЫ КУТКАРУУ УЧУРУНДА БИР ЖАРАН КӨЗ ЖУМДУ

ОШТО СЕЛДЕН ТУРГУНДАРДЫ КУТКАРУУ УЧУРУНДА БИР ЖАРАН КӨЗ ЖУМДУ

 168 Бардыгы /

Ошто жарандарды селден өткөрүш үчүн камазга жүктөп жаткан учурда, камаз жылып бир адамды тебелеп кетти. Жабырлануучу жеринде көз жумду. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 14-июлда Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүргөн. Анын кесепетинен, жалпы 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван – Ак-Буура каналына 7 автоунаасын сел агызып, мындан сырткары аталган айыл аймагындагы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болгону кабарланды.

Кырдаалга байланыштуу калаа башчысы Жетигенов Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмаларды берилди.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана КРнын ӨКМнин Ош шаары бюнча башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык гарнизонунун өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Ош шаарынын аймагына Өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.Кошумча маалымат берилет.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17