Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
292 Бардыгы / ОШ ШААРЫНДА СЕЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН ЭКИ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ. ДАГЫ ҮЧ КИШИ ИЗДЕЛҮҮДӨ Кечээ, 14-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылды. Дагы бир адамдын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынан табылды. Баса, Өзбекстандан табылган 2018-жылы туулган Н.С […]
293 Бардыгы / ОШ ШААРЫНДА СЕЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН ЭКИ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ. ДАГЫ ҮЧ КИШИ ИЗДЕЛҮҮДӨ Кечээ, 14-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылды. Дагы бир адамдын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынан табылды. Баса, Өзбекстандан табылган 2018-жылы туулган Н.С […]
ОШ ШААРЫНДА СЕЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН ЭКИ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ. ДАГЫ ҮЧ КИШИ ИЗДЕЛҮҮДӨ
15.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна294 Бардыгы /
ОШ ШААРЫНДА СЕЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН ЭКИ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ. ДАГЫ ҮЧ КИШИ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Кечээ, 14-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылды. Дагы бир адамдын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынан табылды.
Баса, Өзбекстандан табылган 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Кыргызстанга “Достук” чек ара бекетинен өткөрүп алынаарын, анан дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү ушул тапта изделип жаткандыгы айтылууда.
Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз жоголушкан 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Мунун 170и – Өзгөчө кырдаалдлар министрлигинин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар бар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүп жатышат. Издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Маселен, Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында улантылууда.
Ошентип, 14-июлда түштөн кийин жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы ашып-ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, ошондой эле Ош шаарынын Төлөйкөн айылын тегиз суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы жонунан 3 айыл аймакта, Мады, Датка жана Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан. Ал эми Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар ушул тапта дагы такталып жаткандыгын кошумчалады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери улантылып жаткандыгын кабарлады.
Баса, 14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир нече машине сууга агып кетти. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Шаарда ушул тапта өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.
Буга дейре Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн катуу эскерткен. Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат. Буга чейинки расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар болгон.
Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы
Автор Акбермет Орозалиевна
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОР БАТКЕНДЕ ИРИ КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫН КУРУШАТ
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 343 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.