Аймак

ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ

ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ

 228 Бардыгы /

Кыргызстанда 15-июлдан тартып жогорку окуу жайларына кабыл алуунун биринчи айлампасы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги анда бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билимин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилгендигин билдирди. Ал эми предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылган.

Баса былтыр ЖОЖдорго кабыл алуу төрт тур менен өтөрү жарыяланып, бирок, аягында бешинчи айлампа дагы өткөрүлгөн.


Ал эми быйыл Кыргызстандагы мектептерди аяктаган 60 миңдей окуучудан 50 миң 741 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9 пайызды түздү. ЖРТга катышкандардын ичинен 58 окуучу «Алтын сертификат» алышты. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17