Аймак

2027-ЖЫЛГА КАРАТА НООКАТТАГЫ ЗУЛПУЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ӨНҮККӨН АЙМАККА АЙЛАНАТ

2027-ЖЫЛГА КАРАТА НООКАТТАГЫ ЗУЛПУЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ӨНҮККӨН АЙМАККА АЙЛАНАТ

 162 Бардыгы /

Ош облусунун Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтү “Айылды өнүктүрүү- өлкөнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында АКТЭД Эл аралык уюму каржылаган Борбор Азия, Суу жана Экология боюнча Альянсы коомдук бирикмеси менен чогуу-чараан “2023-2026-жылдарга карата айыл өкмөтүн өнүктүрүү” Программасын (СЭЪП) түзгөн эле.Ошентип, биздин айыл өкмөткө караштуу ар бир кыштактын олуттуу көйгөйүн аныктаган Фокус топ уюшулган. Анда ар бир жарандын ой-пикири дагы бекем эске алынган. – деди Ош облусунун Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөт башчысы Данияр ТАЖИБАЕВ.

– Ара чолодо коомдук угуу дагы өткөрүлдү. Атайлап план мерчемдедик. Кыскасы, ар айылда жумуш качан, кантип аткарыларын, канча көлөмдө иш жасаларын, булар кайсыл булактардан каржыланаарын ачык-айкын көрсөткөнбүз.

Кыскасы, “2023-2026-жылдарга карата айыл өкмөтүн өнүктүрүү” Программасы (СЭЪП) Ош облусунун Ноокат районундагы Токтомат Зулпуев атындагы өкмөттүн инфроатүзүмүнүн оңолушуна гана эмес, Аймактын ыкчам жана ырааттуу түрдө өнүгүшүнө дагы даңгыр жол ачаары шексиз!

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17