Аймак

ОШМУГА ТАПШЫРГАНДАР ЖАҢЫЛЫШПАЙТ

ОШМУГА ТАПШЫРГАНДАР ЖАҢЫЛЫШПАЙТ

 696 Бардыгы /

Ордолуу Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынан адам аягы үзүлбөйт. Анткени, бул жайда кесип тандап, андан ары окууга тапшырган эле жан. Себеби, быйыл кабыл алуу жараяны онлайн таризинде гана жүргүзүлүп жатпайбы.

  Жалал КАМАЛДИНОВ, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун тургуну:

– Мен 9-классты жаңы эле бүттүм. ОшМУнун юридикалык колледжине тапшырдым. Улуу эжем дагы дал ушул колледжде окуп жатат. Шарты абдан жакшы жана заманбап экен. Окууну бүткөнүмдө укук коргоо органдарында, же сот жана прокуратурада иштөөнү каалайм.. Анткени, мен дээримден бирөөнү кемсинткенди, ошондой эле жосунсуз жоруктарды өлө жаман көрөм. Андыктан, адам укуктарын такай коргогонго кызыкдармын. Ошол себептүү алардын укуктары кордолуп атса, дегеле чыдап тура албаймын. 

Бекжан ТУРГУНБАЕВ, Ош шаарына караштуу Керме—Тоо кыштагындагы Рыспай Насиров атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү:

– Азыртехнологиянын заманы. Анткени, анын тилин билгендерге жумуш оңой табылат. Ошондуктан,   мен IT-программист кесибин гана иргедим. Окуумду бүтөрүм менен иштеймин. Болочокто ушул кесибимден баар табаарыма мен ишенем!

Уулжан ТУРДУБАЕВА, Ош облусуна караштуу Араван районундагы Достук айылынын жашоочусу:

– Мен кичинемден эле тарбиячы болууну аябай эңсечүүмүн. Мыны бүгүн дал ошол максатымды жүзөгө ашыруу максатында ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтутунун мектепке чейинки билим бер\\ – педагог-тарбиячы  адистигине тапшырдым. Муну ийгиликтүү бүтүрсөм, мектепке чейинки билим берүү мекемесине – бала бакчага ишке орношом. Ошентип, бөбөктөрдү тарбиялаймын. Анткени, куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону гана алат эмеспи.

Арийне, ОшМУга дагы он-лайн форматында (таризинде) тапшыруу окутуучулардын түйшүгүн ого бетер жеңилдетти. Буга улай негизсиз ушак-айыңдан жана жүйөөсүз кеп-сөздөн сырт болууга дагы жол ачты. Муну ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, саясат таануу илимдеринин кандидаты, политолог Нурканбек ПАТИЕВ дагы танган жок.

  • Талапкерлер үйүндө олтурушуп эле каалаган кесибин тандап, анан гана ОшМУга адегенде онлайн таризинде тапшырып жатышат. Ошол себептүү 1-2- жана 3-тур дээрлик аяктады, – деди ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, саясат таануу илимдеринин кандидаты, политолог Нурканбек ПАТИЕВ.

– Эми окууга өткөндөр университеттин кабыл алуу комиссиясына өздөрү арыз жазышып, аттестатын, же дипломунун түп нускасын, 3+4 өлчөмдөгү 6 даана сүрөтүн, паспортунун, же туулгандыгы туурасындагы күбөлүгүнүн көчүрмөсүн аскердик билетинин, же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тапшырышат. Ал эми 4-тур  7-августта, акыркы 5-тур 12-августта өткөрүлөт.

ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, саясат таануу илимдеринин кандидаты, политолог Нурканбек ПАТИЕВ сөз арасында кабыл алуу жараянынын жүрүшүндө коррупция жанга тааныш-билишчилик балакети дээрлик тыйылгандыгын дагы ачык моюндады:

– Быйыл Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ОшМУга бюджетке – 961, ал эми контрактка – 10 миң орун ажыратылган. Биз муну көбөйтүп, же азайтууга акыбыз жок! Албетте, 1-2-топтогу эмгек майыптарына, Аксы окуясында, 2010-жылкы Ош коогалаңында жана Апрель ыңкылабында жапа чеккендерге, мындан тышкары Баткен жана Чоң-Алай чек ара чырында жабыркагандарга жеңилдиктер каралган.

Ошентип, ушул тапта ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация, Педагогика, искусство жана журналистика,  Табият таануу, дене тарбия, туризм жаана агрардык технологиялар, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар, Тарых жана юридика, Чыгыш таануу, Экономика, бизнес жана менеджмент институттарына, Эл аралык билим берүү прогарммаларынын Жогорку Мектебине, Кыргыз-Кытай, Медицина, Эл аралык медицина, Теология факультеттерине, Каржы-юридикалык, STEM юридикалык жана Эл аралык билим берүү Программалары, Индустриалдык-педагогикалык, медициналык, Өзгөн Эл аралык медициналык коллеждерине жана IT Академияга тапшыргандар абдан эле арбын. Ак жол сага, талапкер!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17