Аймак

ЛЕЙЛЕКТИН ТУРГУНУ АДЕГЕНДЕ ТААНЫШЫН, АНДАН СОҢ ӨЗҮН АТЫП ӨЛТҮРГӨН

ЛЕЙЛЕКТИН ТУРГУНУ АДЕГЕНДЕ ТААНЫШЫН, АНДАН СОҢ ӨЗҮН АТЫП ӨЛТҮРГӨН

 186 Бардыгы /

        Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан ушул жылдын 21-августунда Лейлек районунун тургуну адегенде таанышын атып, андан соң өз жанын кыйганыдыгын ачыкташты.

        Маалыматта айтылгандай, 21-августта саат 16:27 чамасында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы М.К. аттуу адамдын белгисиз ок атуучу куралдан каза тапкандыгы туурасында маалымат келип түшкөн. Маалымат ошол замат электрондук журналга катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жетип барган. Тергөө маалында аныкталгандай, М.К. аялы экөө Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаада тойдон кайтып келе жатышканда, аларды мурдатан тааныган, ортосунда келишпестиктер болуп жүргөн Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Б.М. токтоткон. Б.М. учурашкан соң өзүнүн унаасынан ок атуучу куралды алып чыгып, М.К. аттуу жарандын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден кетип калган. Андыктан, шектүү дароо изделе баштаган. Саат 17.50 чамаларында ал Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы менен өзүн атып каза тапкандыгы ырысаталды.

        Ошентип, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки тергөө абдан кызуу жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17