Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
205 Бардыгы / Экинчи Дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жападан жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда азыркы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1943-жылдын 18-январында Ноокат аскер комиссариаты аны согуш майданына чакырып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына […]
206 Бардыгы / Экинчи Дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жападан жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда азыркы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1943-жылдын 18-январында Ноокат аскер комиссариаты аны согуш майданына чакырып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына […]
ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТУН ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИ ЖАРЫК ДҮЙНӨ МЕНЕН КОШ АЙТЫШТЫ
23.08.2024 / Автор anarkan_kg207 Бардыгы /
Экинчи Дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жападан жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда азыркы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1943-жылдын 18-январында Ноокат аскер комиссариаты аны согуш майданына чакырып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына дейре дээрлик 8 жыл обю аскерде кызмат өтөгөн. Жолдошов бул аралыкта 1945-жылдын 9-августунда Жапондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Жапон согушуна дагы катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейин согуштун аягына чейин жүргөн.
Касымбай Жолдошов согуштан Ата Мекенине кайткандан кийин беш жыл Нижнеудинск шаарында кызмат өтөп, 1950-жылдын 10-апрелинде Советтик армиянын катарынан биротоло бошотулуп, кичи мекени Ноокат районуна кайткан. Ошентип, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде талкаланган эл чаьбасын кайрадан калыбына келтирүүгө өз салымын кошуп, колхоздо 35 жыл бою талыкпастан эмгектенген. Согуштун жана эмгектин ардагери.
Баса, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошов 2004-жылдан бери Ош шаарында гана туруктуу жашап келаткан. Бир уул жана бир кызды тарбиялап-өстүрүп, 15 небере, 50 чебере, бир кыбыранын чоң ата, таяатасы эле. Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун Талас облусундагы жалгыз ардагери, 98 жашында көз жумган Араке Арстанбеков өзү туулуп-өскөн Айтматов районунун Бакыян айылында жерге берилген. Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80 пайыз калкы катышкан. Согуштан жалпы жонунан 70 миллиондой адам кырылган.
СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде дагы Жеңиш күнү катары белгиленет.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 41 ардагери калган. 9-майда аларга президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 343 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg “МЫКТЫ ӨСПҮРҮМ – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК” АТАЛЫШЫНДАГЫ БИР ЖУМАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.