Аймак

БАТКЕНДЕ “ИСФАЙРАМ-1” ЧАКАН ГЭСИ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

БАТКЕНДЕ “ИСФАЙРАМ-1” ЧАКАН ГЭСИ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айылындагы Аустан капчыгайында “Исфайрам-1” чакан ГЭСи пайдаланууга тапшырылды.

Баса, “Исфайрам-1” чакан ГЭСи Баткен облусу боюнча электр энергиясын өзү өндүргөн алгачкы ишкана. Ички инвесторлор тарабынан курулган бул бекеттин жалпы наркы 250 миллион сомдон ашат. Кубаттууулугу 4 МВт. Чакан ГЭСке суу жеткирген каналдын узугдугу 3,7 чакырым. Канал толугу менен бетондолуп, турбо генераторлор орнотулду.

Кадамжай районундагы эң ири Исфайрам дарыясына курулган бул чакан ГЭС толук кандуу ишке киргизилгени менен бир жарым миң кожолукту гана электр энергиясы менен камсыз эткенге араң жарайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17