Аймак

ОШ ШААРЫНДА УРКУЯ САЛИЕВА АТЫНДАГЫ ГИМНАЗИЯ-ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА УРКУЯ САЛИЕВА АТЫНДАГЫ ГИМНАЗИЯ-ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 6 Бардыгы /

        Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Уркуя Салиева атындагы гимназия-лицейдин директору пара алып жатканда кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз  кызматынан билдиришти.

        УКМКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы гимназия-лицейдин директору У. Ж. И. аталган окуу жайына окуучуну кабыл алуу үчүн ата-энесинен ири өлчөмдөгү акча талап кылган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде (“Опузалап пара талап кылуу”) дароо кылмыш иши козголгон.

        Соёку сааттарда Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы гимназия-лицейдин директору У. Ж. И. өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жатканда колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ушул тапта козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата дагы далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам иш-чаралар жасалууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17