Аймак

ОШ ШААРЫНДА “ЗОМБУЛУККА КАБЫЛДЫ” ДЕГЕН БАЛА АТА-ЭНЕСИНЕН УБАКТЫЛУУ АЖЫРАТЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА “ЗОМБУЛУККА КАБЫЛДЫ” ДЕГЕН БАЛА АТА-ЭНЕСИНЕН УБАКТЫЛУУ АЖЫРАТЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында “Ата-энеси жазалады” деген беш жашар бала үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. 

Мекеменин маалыматына караганда, аталган баланын апасы уулу жолдогу машиналарга, кошуналардын терезесине таш ыргытканы үчүн урушканын айткан. Бирок такай сабап, кол көтөргөнү, зордук-зомбулук көрсөткөнү туурасында сөздөрдү жокко чыгарган. Ал ушул тапта экинчи күйөөсү менен жашап жаткандыгын, жети айлык кош бойлуу экендигин айткан. Ош шаардык милициясы бул окуя териштирилип жаткандыгын, үй-бүлөнүн тек-жайы аныкталганын билдирген.

А мунун алдында социалдык тармактарда денесинин айрым жерлери көгөргөн, жараланган, аны атасы менен апасы ургандыгын айткан жашы жете элек баланын видеосу жарыяланган. Ага дейре Оштогу балдарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу дагы бир видео жарыяланган. Анда Алай районунун тургуну беш-алты жашар баласына орой мамиле жасап, мындан тышкары одоно сөздөр менен сөгүп, уктатпай, караңгыда бөлмөдөн кууп чыкканы тартылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул окуянын тергелип-териштирилишин жеке көзөмөлүнө алгандыгын моюндады.  Балага тиешелүү экспертизалар дайындалды жана ал таенесинин үйүнө жеткирилди. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17