Аймак

СУЗАКТА 16 ҮЙ- БҮЛӨӨГӨ ЫЛАЙЫКТАШКАН СОЦИАЛДЫК ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

СУЗАКТА 16 ҮЙ- БҮЛӨӨГӨ ЫЛАЙЫКТАШКАН СОЦИАЛДЫК ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Бүгүн Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылында 16 үй-бүлөгө ылайыкташкан “Бахрэйн-3” социалдык шаарчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Капсула салуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Кувейт мамлекетинин “Ассанабил” жана “Koof” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, жергилитүү айыл тургундары катышты.

Облус башчысы муктаж үй-бүлөлөрдүн түйшүгүн жеңилдетүү максатындагы демилгени ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан карймдуулук фонддорго ыраазычылык билдирди.

Өкүл алдыда шаарчанын жашоочуларынын турак жайга болгон муктаждыгы гана чечилбестен, 150 орундуу мектеп, 50 орундуу бала бакча менен камсыздалаарын, ага катар мечит, ФАП жана дүкөн салынаарын кошумчалады.

“Бахрэйн-3” социалдык шаарчасынын курулушуна жергиликтүү бийлик беш гектар жер аянтын ажыратып берген. Мындан сырткары жол, таза суу, электр энергиясы менен камсыздоо сыяктуу курулуштун 30 пайызын аткарат.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17