Аймак

КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛГАН ЛИЦЕЙДЕ

КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛГАН ЛИЦЕЙДЕ

 3 Бардыгы /

Көркү- наркы өзгөлөрдөн башкараак,

Кара-Кулжа ушул жерден башталат!

Кара-Кулжанын босогосундагы көрнөк дээрлик жарым кылымдык тарыхка эгедер Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицей 1973-жылы 1-сентябрда СССР Министерлер Советинин кесиптик-техникалык билим берүү системасын өркүндөтүү жөнүндөгү №266-Токтомунун негизинде бийик тоолуу Кара-Кулжа районунун айыл чарбасына квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо максатында алгачкы айылдык кесиптик техникалык окуу жайы – КТОЖ (СПТУ – сельская профессиональная техническая училища) болуп ачылган. Ал эми Кыргыз Респубикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Баштапкы билим берүү Башкармалыгынын 2004-жылдын 8-июнундагы Коллегиясынын чечимине ылайык аталган КТОЖго «Кесиптик лицей» макамы ыйгарылган.

Түптөлгөндөн тартып эле №29-кесиптик лицей 25 миңден ашуун кесипкөй кадрларды өз уясынан учурду. Окуу жайы адегенде – СССР доорунда – кеңири профилдеги тракторист-машинисттерди, мал чарба механизаторлорун жана дагы электр мастерлерин байма-бай белендеген. Сталкин Насыров жетектеген 1973-1982-жылдарда, мындайча айтканда, улуу империя СССР маалында, райондук, облустук жана республикалык даражадагы пахта, эт, сүт, тоют, тамеки пландарын ашыра аткарууду чоң күчкө айланган. Ал эми алдыңкы бүтүрүүчү башка Союздук республикалардын жана Москва шаарынын борбордук жогорку окуу жайларына атайын жолдомо менен жөнөтүлүп, алар кайрадан кичи Мекенине ЖОЖдорду бүтүрүү менен кайтып келишип, ошентип, лицей улам жаңы күчтөр менен толукталып турган.

Ал эми Абдимиталип Оморбеков жетектеген 1985-1996-жылдар аралыгында бардык шарты бар 540 орундуу үч кабат окуу имараты курулган. Үч жылдык окуу мөөнөттө алгачкы тигүүчү карлыгачтар белерделген. Окуу жайынын көмөкчү чарбасы уюштурулуп, саан уйлар багылып, окуучулардын тамак-ашынын сапаты жана дагы кубаттуулугу укмуштуудай жакшыртылган.

Ушуга улай Жээнбек Сапарбаев башкарган 1996-2010-жылдарда КТОЖдун айлана-тегереги толук бойдон көрк өндүрүлүп -жашылдандырылган. Бүгүнкү күндө асман тиреп. Окуу жайдын ак кайыңдар жана арчалар дал ошондо катарынан тигилген. Мындан тышкары 100 орундуу ашкана ашар  ыкмасында курулуп, анан гана пайдаланууга тапшырылган. Окуу жайы Аймактар аралык жана дагы республикалык кароо-сынактарга («Ыр кесе», КВН, «Шамдагай тапкычтар») дайым катышып, эң алдыңкы орундарды багындырган. 

Өлкөнүн Эмгек жана Социалдык жактан коргоо министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү Бшкармалыгынын 2004-жылдын 8-июнундагы Коллегиясынын №2-чечиминин негизинде алдыңкы КТОЖго «Кесиптик лицей» макамы ыйгарылган. Аталган Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик легендарлуу лицейди 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып Анарбай ЫДЫРЫСОВ ийгиликтүү гана жектептеп келатат. Кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик саясатты ырааттуу түрдө жүзөгө ашырууда бул агайдын мээнети чоң!

Альберт АЛТЫМЫШОВ, Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейдин курсанты:

– Мен Айыл чарба устаты  – фермер кесибин иргедим. Анткени, элеттик жигитмин. Сүт жана эт багытындагы малдарды асырап, экономикабызды ыкчам өнүктүрүүгө абдан кызыкдармын! Биз убактылуу кыйынчылыктардан жана дагы сыноолордон дал ушинтип гана бошонууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар!

Анжелика ЭРГЕШОВА, Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейдин курсанты:

Мен мөмө жемиш өстүргөн фермер-багбан кесиби аркылуу элиме ак кызмат өтөймүн. А мындай шарт Кыргызстанда дээрлик жетишээрлик. Ошондой эле бул аркылуу Азык-түлүк коопсуздугуна дагы көңүл бурмакчымын. Анткени, турму-шартыбызга байланыштуу ден соолугубузга – эң башкы байлыгыбызга акыркы мезгилде тарптакыр көңүл бурбай калбадыкпы. ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ ӨЛКӨ! Дал ушуну унутпайлычы, замандашгтар!

Минавархан АЗИМБАЕВА, Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейдин усулчусу-устаты:

«Дарак бир жерден көгөрөт » дегендей, мен дал ушул кесиптик окуу жайында 29 жыл бою эмгектенип келатамын. Ооба. Бул аралыкта кадыр-барк күттүм. Буюрса, биз белендеген муундун келечеги кенен. Булар бара-бара такшалып, айтмакчы, көрө -көрөө – көсөм, сүйлөй -сүйлөй – чечен болушаарынан менин эч кандай шегим жок!

Жанаргүл РУСТАМОВА, Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейдин өндүрүштүк устаты:

– Кудайга шүгүр, өлкөдө стабилдүүлүк бекем орноп, жеңил жана оор өнөр жайыбыз уламдан улам оожалып гана баратпайбы. Чет өлкөлөр менен алакабыз нугуна түшүп баратат. Биз белендеген кийим-кечелер алыскы-жакынкы  өлкөлөргө эч кандай тоскоолдуксуз гана сатылууда. Куда кааласа, биздин лицейдин бүтүрүүчүлөрү мындан ары деле эч качан жумушсуз калышпайт деген терең ишеничтемин!   

  Ара чолодо Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейдин директору Анарбай ЫДЫРЫСОВду кенен-чонон кепке тарттык.

– Биз бүгүнкү шартка жараша заман талабдына ыкчам ыйгалашып гана баратабыз, – деп агынан жарылды Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейдин директору Анарбай ЫДЫРЫСОВ.

– Эки жылдык мөөнөттө Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттарын (фермерлерди), «С» категориясындагы автоунаа айдоочуларын, 10 айлык мөөнөттө электр тетиктерин оңдоочуларды, 3-4-разряддагы тигүүчү 3-разряддагы газ жана электер ширетүүчү, «С» категориясындагы автоунаа айдоочуларын даярдап келатабыз. Мыкты курсанттарыбызга ай сайын 300-500 сом стипендиялар дагы чегерилет. Эмгек жамаатынын ынтымакчылыгын ого бетер арттырып, ал эми катарыбыз улам жаңычыл къз караштагы жаштар менен толукталууда. 

Айтмакчы, Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицей Эл аралык Донор Уюмдар менен ийиндеше иштешүүнү дагы жөнгө салган. А мунун натыйжасында Азия Өнүктүрүү Банкы каржылап, мезгил талабына ылайыкташтырылган 7 миллион 244 сомдук заманбап жабдуулар, ал эми лицейдин өз каражатынын эсебинен жапжаңы техникалар сатып алынып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы барган сайын чыңдалып жаткан чагы. Кыргыз Республикасында жүрүп жаткан Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү реформасын кубаттап, окуу жайдын чар тарабына видеокөзөмөл орнотулган. Ал эми окутуу жараянында эң акыркы үлгүдөгү компьютерлер жана интерактивдүү доскалар колдонулат. Кувейт мамлекетинин «Ассалам» Кайрымдуулук Фондунун жардамы аркасында лицейде 70 орундуу жатакана жана дагы 40 орундуу тигүү цехи сапаттуу бүтүп, акыры пайдаланууга тапшырылды. 

Ошентип, Кара-Кулжа районундагы №29-кесиптик лицейде ушул тапта 27 мугалим курсанттарга татыктуу билим жана таасирдүү тарбия берип жатышкан чагы. Мындан тышкары ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА эртели-кеч курсанттардын кызматында. Ошондой эле керектүү кесиптик жабдыктар бүт кааналарга тегиз орнотулган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17