Аймак

КМШ ЧЕКАРАЧЫЛАРЫ ЧОКТАЛДА МАШЫГЫШТЫ

КМШ ЧЕКАРАЧЫЛАРЫ ЧОКТАЛДА МАШЫГЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Чоктал талаа полигонунда Чек ара аскерлеринин кол башчыларынын Кеңешинин иш Планына ылайык «Организация материально-технического и медицинского обеспечения группировки пограничных и иных ведомств государств-участников СНГ, направляемой для урегулирования (ликвидации) кризисной ситуации на внешних границах» деген ураандын алдында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Мамлекеттик Чекара кызматынын биргелешкен командалык-штадык машыгуусу өттү.

Бул опеартивдүү иш-чарага Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусиянын Чек ара кызматтарынын делегациясы жана КМШнын Координациялык кызматынын өкүлдөрү катышышты. Машыгуунун негизги максаты – Улуттук түзүмдөрдүн башкаруу органдарынын жана жетекчи курамынын даярдагын жакшыртуу эле. Машыгуунун жүрүшүндө окуу мезгилинде тийиштүү сын-сунуштарды иштеп чыгуу, материалдык-техникалык жана медиициналык камсыз кылуу жаатындагы документерди иштеп чыгуу болчу. Буга улай чек аралардагы кризистик кырдаалдарды дагы ыкчам жоюуга жана акыбалды турукташтырууга токтоосуз киришүү эле. 

Ошентип, окутулган жеке курам тылдагы бышкарууну уюштуруу практикасын дыкаат өздөштүрүштү. Уюштуруу документтерин белендегенди, ыкчам-тактикалык эсептешүүнү уюштурууну, ошондой эле өз ара аракеттенүү жана башкарууну дагы абдан тез үйрөнүштү.

  Кыскасы, жогорудагы машыгуу Шериктеш өлкөлөрдүн киризистик кырдаалга карата жөндөмүнө ого бетер арттырып, аны өз убагында туура түшүнүүгө жана дагы чек аралардын туруктуу корголушун ишенчиликтүү камсыз кылууга жем таштады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17